Меню
Эл-Сөздүк

Дарылоочу дарыгер (доктур)

ДАРЫЛООЧУ ДАРЫГЕР (ДОКТУР) – саламаттык сактоо уюмдарында дарыланып жаткан жана көзөмөлдө турган пациентке медициналык жардам көрсөтүүчү дарыгер. Мыйзамда белгиленген тартипте аттестациядан жана каттоодон өткөн дарыгер Д. д. боло алат. Д. д. пациенттин же саламаттыкты сактоо уюмунун (анын бөлүмүнүн) жетекчисинин тандоосу боюнча дайындалат. Пациент Д. д-ди алмаштыруу тууралуу талап кылган учурда саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси башка дарыгер тандоого көмөктөшүүгө тийиш. Д. д. саламаттык сактоо уюмунун тийиштүү кызмат адамы менен макулдашуу боюнча, эгер ал пациенттин өмүрүнө жана айланасындагылардын өмүрүнө коркунуч келтирбесе, пациент саламаттык сактоо уюмунун ички тартибин же көрсөтмөсүн сактабаган учурларда, пациентти кароодон жана дарылоодон баш тарта алат. Пациенттин туугандары өзүнүн мүнөзү боюнча Д. д-дин кесиптик милдеттеринин чөйрөсүнө кирген маселелерге негизсиз кийлигишүүгө укуктары жок.

Дарылоочу дарыгер (доктур)

Лечащий врач

Примеры переводов: Дарылоочу дарыгер (доктур)

Кыргызский Русский
Мага доктур керек Мне нужен врач
Өтө оор, шок абалында болчу, – дейт доктур. Он был в очень тяжелом состоянии шока, сказал доктор.
кайсы убакта болбосун кармалгандар турган жерлерге, алдын ала камоо жайларына, соттолгондор жазасын өтөөчү жайларга жана мажбурлап дарылоочу жана кайра тарбиялоочу мекемелерге, психиатриялык ооруканаларга барууга, анда турган адамдардан суроо-жооп алууга, посетить в любое время, места задержания людей, мест досудебного задержания, пенитенциарных учреждениях, коррекция и очистных сооружений, психиатрических больницах, а также интервью с задержанными, а также для сбора информации об условиях

Примеры переводов: Дарылоочу дарыгер (доктур)

Кыргызский Английский
Мага доктур керек I need a doctor
Өтө оор, шок абалында болчу, – дейт доктур. He was in a very serious state of shock, said the doctor.
кайсы убакта болбосун кармалгандар турган жерлерге, алдын ала камоо жайларына, соттолгондор жазасын өтөөчү жайларга жана мажбурлап дарылоочу жана кайра тарбиялоочу мекемелерге, психиатриялык ооруканаларга барууга, анда турган адамдардан суроо-жооп алууга, to visit, at any time, places for detention of people, places of pre-court detention, penitentiary facilities, correction and treatment facilities, psychiatric hospitals, and to interview detainees, as well as to collect information concerning conditions

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: