Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов: этногенез
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ДООРОН, ДООРАН
 

ДООРОН, ДООРАН

 
ДООРОН, ДООРАН (арабча даура — айландыруу, айлануу) — өлгөн адамды «күнөөдөн куткаруу» максатында өлүктү коюуга чейин мусулмандар арасында жасалуучу диний ырым-жырым. Д. үчүн молдого акы берилчү. Диний эреже боюнча Д. мусулман динине сыйынган бардык адамдарга тийиштүү деп эсептелген. Ал жаназадан мурда өткөрүлгөн. Ошондой эле өлгөн мусулмандын өмүрүнүн ар бир жылына (эркектердин 12 жашы, аялдардын 9 жашы алынып салынат) акчага, данга, малга же башка мүлккө айландырып жалпы элге, бей-бечараларга, кембагал, мискиндерге берилген. Бул салт «Манас» эпосунда да орун алган жана Көкөтөйдүн керээзинде төмөнкүчө айтылат:
Тогуз миң дооран сур байлап,
Баарысын семиз кур байлап,
Көкөтөй өлгөн экен деп
Көрмөккө келген адамдын
Көңүлүн басып куп жайлап.
Өз дүнүйөм бүлүнсүн,
Өлгөнүм журтка билинсин (Сагымбай Орозбаков, 3. 18— 19).

К. Ботояров



Хотите добавить свой перевод для слово: "ДООРОН, ДООРАН"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru