-
даркан
-
1. (в эпосе) кузнец (он же и оружейник; специальность эта высоко ценилась в войсках тюркских и монгольских народов; кузнецы-оружейники пользовались особыми привилегиями; отсюда древнерусские "тархан", "тарханная грамота");
кылдың беле кылычты, даркан? соктуң беле соотту, даркан? фольк. сделал ли ты меч, кузнец? выковал ли ты панцирь, кузнец?
2. перен. уважаемый, славный, почётный;
"ак жибектен эштирип, аркан кылам", дейт эдең;
"аз гана кыргыз элиңди даркан кылам" дейт эдең фольк. южн. ты говаривал, мол, я прикажу сучить верёвки из белого шёлка; ты говаривал, мол, малочисленный киргизский народ сделаю славным;
элиңдин болгун дарканы фольк. сев. будь уважаемым в своём народе;
кечээ - жетим, бир кыргыздын баласы, бүгүн - даркан, тууган элдин баласы стих. вчера (ты) - сирота, сын одного киргиза, сегодня (ты) - славный сын родного народа;
чоң Манастын тушунда, даркан өскөн жан эле фольк. во времена великого Манаса он рос окружённый почётом;
адырында аркар көп, адамында даркан көп фольк. на взгорьях там много архаров, в народе там много славных.
-
ДАРКАН
-
ДАРКАН — эпизоддук кейипкер, белгилүү уста. Валиханов жазып алган эпизоддо Манастын тапшырмасы боюнча төкөр уста Д. ак болот кылыч жасап, Жолой менен Коңурбайдын соңунан казатка жөнөмөк болгон Манаска өзү жеткирип берет. Жолойду Манас ошол кылыч менен чаап өлтүрөт (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 93, 95-б.). Башка варианттарда Манастын негизги куралдарын Бөлөкбай уста жасайт, к. Бөлөкбай.