|
БУУДАЙБЕК
|
|
БУУДАЙБЕК Сабыр уулу (1933, Чүй району, Дөң-Арык айылы) — «Манас» жыйноочу. 1954-ж. Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. Көп жылдар республикалык гезит, журналдардын редакцияларында иштеп элдик чыгармаларды жыйнаган. Кыргыз эл өнөрпоздору жөнүндөгү «Унутулгус кездешүүлөр», «Эл шайырлары», «Эл куудулдары» деген китептердин автору. Аты элге анча белгилүү эмес манасчыларды эл арасынан иликтеп, таап, алардын айткандарын чогултуп, радиого жаздырып, сүрөттөрүн сүрөтчүлөргө тарттырып, фондуга өткөрүп, гезитке жарыялап келе жатат. «Эл шайырлары» китебинде манасчылар Молдобасан Мусулманкулов, Ыбырайым Абдракманов, Сейдене Молдокеева, Уркаш Мамбеталиев, Мамбеталы Ашымбаевдин өмүр жолдорун, чыгармачылыгын баяндаган очерктери берилген. Азыр Кыргыз Республикасынын ИАсынын Адабият жана искусство институтунун Кол жазмаларды сактоо жана жарыялоо бөлүмүндө илимий кызматкер болуп иштеп, эпосту жыйноо ишин улантууда.
|