Меню
Эл-Сөздүк

БОЗ ҮЙДҮ ТИГҮҮ

Элибизде үйдү тигүүнүн да өзүнчө жол-жобосу сакталган. Үйдү тигүүдө конуштун шартына карай орун тандалат. Үйдү сууга жакын, жол тарапты беттеп, шамалга каршы келбегендей түз жайга тиккен.
      Илгери үйдүн эшигин чыгышты каратышкан. Жайдын күнүндө бир нече үй бир короо айыл болуп конуп, көбүнчө үйлөрдү короого тегерете тигишкен. Эшиктерин короонун ортосуна каратпай, жогоруда айтылган эреже так сакталган.
      Боз үйдү тигүүдө оболу төр керегеси жайылат. Анын канаттары оңго жана солго керилет. Бири-бирине ашталган кереге саканак ортолору атайын сызма жана эшме жип саканак таңгыч аркылуу арчындалып бекем тартылат. Канат керегелердин бир жак учу, боз үйдүн босого-таягы да босого таңгычына ушундайча бекитилет. Тегеректеле канат керегелер жайылгандан кийин, кереге чалгыч салынат да, эки жагындагы жел боолорунун башы бакан (алтүндүк бакан деп аталат) менен кошо түндүктүн чок ортосундагы чамгарагынан ачасына аштай бир адам кармап, үйдүн чок ортосуна туруп, өйдө көтөрүп берет. Түндүктүн көзчөлөрүнө ууктардын адегенде ар кай жерине туш-туштан сая башташат. Бир нече уук сайылып, уук боолор кереге баштарына байлангандан кийин түндүктү ошол ууктар көтөрүп калат.
      Ууктун учтары түндүктүн көзчөлөрүнө буралып, имериле сайылса, үй өчөйүп, сынын бузуп, бөйрөктүү болбой калат. Ошондуктан, үй тигүүчүлөр уук баштары менен кереге учтарын кайрадан карап, түздөп чыгат да, түндүгү ортодо туура турганын байкагандан кийин, уукту ар бир кереге башына аштай байлайт. Эгер бир тарабынан уук көбүрөөк тизилсе, түндүк ошол жагына көтөрүңкү көрүнөт. Бул учурду кыргыздар «түндүк чыгып кетти» деп коюшат. Мындай убакта түндүк чыгып кеткен жактын карама-каршы тарабындагы керегенин бооруна жел боону алып барып, катуу тартып, байлоо керек.
      Боз үйдүн жыгачы турган соң, эшик тыштын чий чырмакталган узун учунун атайын керилген сызмасы түндүктөн илинип, түндүк босогого казык бош чалынат. Андан кийин жабык башты, тегиричти жаап, кереге таңгычты керегенин белинен жүгүртүп, эшик таякка курчай чымырата таңып алат. Канат чий керегеге курчалат. Боз үйдүн канат чийи экөө болот. Анын аралары кереге көздөрүнө, учтарындагы эшме чыйрак жиби эшик босогого бекитилет.
      Үйдүн кош туурдугу (тутуусу) да кадимки канат чий өңдүү керегеге жабылып, туурдуктун бел кырчоосу курчалат. Туурдуктун сызма, терме, букары болоору ууктарга артылып келип, кереге көздөрүнө байланат.
      Үзүктү жабууга үч киши керек. Оболу анын боолору ичине келтирилип, үзүк тумарча кылынып, үч бүктөлөт да, ортосундагы адам бакан менен орто белинен өйдө шап көтөрөт. Үзүктүн үстүңкү жээктери түндүктүн түбүнө такалат. Анан четки экөө үзүктүн эки этегин ылдам жайып кетет. Үзүктүн сырткы эшме боолору уук-кереге көздөрүнөн арта салынып келинип, бел кырчоо жипке илме тартылып, кайра керегенин түбүнөн ичкери карай өткөрүлүп, керегенин төртүнчү көзчөсүнө илмектүү байланат.
      Түндүк жабуу сыртын карай эки бүктөлүп, боз үйдүн артынан бир адам эле так өйдө көтөрүп, бакан менен жабат. Анын төрт боосунун бирөө үйдүн артына, экөө эки капталына бел кырчоого байланат. Алдыңкы жиби түндүк жабууну алга-артка тартууга жана түрүлгөн эшикти байлап коюуга ылайыкталып, беркилерден жоонуураак келет.
      Ошентип, үйдүн бардык жабуусу жалаң ача бакандын жардамы менен жүргүзүлөт. Жаз жана күз мезгилдеринде үйдү тигер замат сыртынан сол жана оң капшытына казык кагып, аркан менен бастырат. Бул шамалдан сактайт. Төргө казык кагып, ага эки жел боону катуу тартып байлаган учурлар да болот. Үйдүн ортосунда коломто жайлашат да, төрдөн улагага жакын келет. Коломто чок ортодо болсо, түтүн жакшы чыкпайт. Ошондуктан боз үйдүн алдыңкы үзүгү арткы үзүгүнө караганда тез карарып кетет.

Примеры переводов: БОЗ ҮЙДҮ ТИГҮҮ

Кыргызский Русский
тигүү; положил;
Үйдү жасалгалаган жана үйдө колдонулган нерселерди мурастоо Права на куски дома Мебель и предметы домашнего обихода
үйдү, ага таандык нерселерди жана жер участогун иштетүүнү, күтүүнү, ремонттоолорду камсыз кылуу. Обеспечение технического обслуживания и ремонта здания, его креплений, встроенных объектов и кредитовать участок.
Өндүрүштүк сектордо иштеген компаниялар тигүү өндүрүшүнө, сувенирлерди чыгарууга жана тамак-аш азыктарын кайра иштетүүгө топтолгон. Компании в производственном секторе сосредоточиться на швейных, рукоделие, сувениры и пищевой промышленности.
Турак үйдү тейлөө жана жеке менчик көмөк чарба үчүн арналган жер тилкеси мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук муктаждыктар үчүн алынбайт. Земельный участок для обслуживания жилого дома и в личном подсобном семьи не подлежат изъятию для государственных, муниципальных и социальных целей.
Ак Үйдө жашап жүргөндө Картердин “Боз Маларки Йиң Йаң” аттуу сиам мышыгы болгон, ал Билл Клинтон кармаган Сокско чейинки Ак Үйдү мекендеген акыркы мышык болгон. В то время как в Белом доме, Картер был сиамский кот по имени "Misty Malarky Ying Yang", который станет последним кошка занять Белый дом до носков, принадлежащий Биллу Клинтону.
Бир нече жылдын ичинде Аминдин жумушу, өзү айткандай, «саймачылык жана мончок тигүү өнөрү менен атагы чыккан» бедуин аялдардын портреттеринин тегерегинде болгон. В течение нескольких лет, работа Амин были портреты бедуинских женщин, которые, по ее словам, "которые известны своим вышитыми и поделками из бисера.
Турак үйдү куруу жана тейлөө жана өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүү жана дача куруу үчүн жер тилкелерин ченемдери тиешелүү аймакта ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленет. Нормы земельных участков для строительства и обслуживания жилого дома, личных средств к существованию домохозяйств и дачного строительства устанавливаются на соответствующей территории уполномоченными органами.
Көп квартиралуу үйдү пайдаланууну камсыз кылуу, турак үйдүн квартираларын жана жалпы мүлкүн пайдалануу үчүн үй ээлери жалпы мүлктү башкаруу ыкмаларын өз алдынча тандап алууга укуктуу. Владельцы дома имеют права выбирать самостоятельно метод управления недвижимого имущества в целях обеспечения технического обслуживания многоквартирных квартир здания и использования квартир и общего имущества в жилом здании.
Үйдү башкарууну камсыз кылуу үчүн турак жайлардын жана турак жай эмес жайлардын менчик ээлери шериктиктин эсебине жалпы чогулушта аныкталган өлчөмдө ай сайын аванс акы төлөп турууга милдеттүү. Чтобы не уверены в системы управления зданием домовладельцы жилых и нежилых помещений должны перечислить на расчетный счет Партнерства ежемесячных авансовых платежей в размере, который определяется общим собранием.
Үйдү жасалгалаган жана үйдө колдонулган кадыресе нерселер мыйзам боюнча мураска калтыруучу менен ал өлгөнгө чейин бир жылдан аз эмес чогуу жашаган мураскорлорго алардын кезегине жана мурастык үлүшүнө карабастан өтөт. Кусочки домашней мебели и предметов домашнего обихода переходят к наследникам по закону, которые жили вместе с наследодателем не менее чем за один год до его смерти, независимо от их приоритета и размера доли преемственности.
токойлорду коргоо жана сактоо, токойду калыбына келтирүү, токой тигүү жана токой өстүрүү, мелиорациялоо жана башка токой чарба жумуштары боюнча иш - чараларды, ошондой эле алардын көлөмүн, ыкмаларын жана аларды жүргүзүүнүн тартибин аныктоону; мероприятия, направленные на охрану и защиту лесов, лесовосстановление, воспроизводства и восстановления лесов, мелиорации и других лесохозяйственных мероприятий, а также выявление объема работ, способах и процедурах;
Мурас ачылганга чейин мурас калтыруучу менен чогуу жашаган мураскорлор мурасты бөлүштүрүүдө, мурастын курамынан турак үйдү, батирди же башка турак-жай имаратын, ошондой эле тиричилик буюмдарын жана үй оокаттарын алууга артыкчылыктуу укукка ээ болушат. Наследники, которые жили вместе с наследодателем в течение трех года до начала последовательности имеют преимущественное право перед другими наследниками, призванных последовательно наследовать квартиру, жилой дом, другое жилое помещение, а также
Жер тилкеси Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, атап айтканда: турак үйдү курууга жана тейлөөгө жана белгиленген ченемдер боюнча өзүмдүк көмөкчү чарба Земельный участок должен быть выделен для граждан КР в собственность уполномоченным органом безвозмездно только один раз на всей территории Кыргызской Республики, в частности: для строительства и обслуживания жилого хоу
Токой фондусуна кирбеген бак - дарактарды тигүү, аларды багуу, пайдалануу жана коргоо, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аныктаган тартипте Установка плантаций за пределами лесного фонда, их хранение, использование и охрана осуществляется в порядке, установленном органами местного самоуправления или местными государственными администрациями, если иное не предусмотрено законодательством Кыргыз

Примеры переводов: БОЗ ҮЙДҮ ТИГҮҮ

Кыргызский Английский
тигүү; put;
Үйдү жасалгалаган жана үйдө колдонулган нерселерди мурастоо Rights to Pieces of House Furniture and Household Articles
үйдү, ага таандык нерселерди жана жер участогун иштетүүнү, күтүүнү, ремонттоолорду камсыз кылуу. Provision of maintenance, and repair of the building, its fixings, inbuilt facilities and lend plot.
Өндүрүштүк сектордо иштеген компаниялар тигүү өндүрүшүнө, сувенирлерди чыгарууга жана тамак-аш азыктарын кайра иштетүүгө топтолгон. Companies in the production sector concentrate on sewing, handicraft, souvenirs and food processing.
Турак үйдү тейлөө жана жеке менчик көмөк чарба үчүн арналган жер тилкеси мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук муктаждыктар үчүн алынбайт. A land plot for maintenance of a residential house and private ancillary household is not subject to withdrawal for the state, municipal and social purposes.
Ак Үйдө жашап жүргөндө Картердин “Боз Маларки Йиң Йаң” аттуу сиам мышыгы болгон, ал Билл Клинтон кармаган Сокско чейинки Ак Үйдү мекендеген акыркы мышык болгон. While in the White House, Carter had a Siamese cat named "Misty Malarky Ying Yang," who would be the last cat to occupy the White House until Socks, owned by Bill Clinton.
Бир нече жылдын ичинде Аминдин жумушу, өзү айткандай, «саймачылык жана мончок тигүү өнөрү менен атагы чыккан» бедуин аялдардын портреттеринин тегерегинде болгон. For several years, Amin’s work revolved around portraits of Bedouin women, who, she said, “are known for their embroidered and beaded crafts.
Турак үйдү куруу жана тейлөө жана өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүү жана дача куруу үчүн жер тилкелерин ченемдери тиешелүү аймакта ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленет. Norms of land plots for construction and maintenance of residential houses, personal sustenance households and dacha construction shall be established on the corresponding territory by authorized agencies.
Көп квартиралуу үйдү пайдаланууну камсыз кылуу, турак үйдүн квартираларын жана жалпы мүлкүн пайдалануу үчүн үй ээлери жалпы мүлктү башкаруу ыкмаларын өз алдынча тандап алууга укуктуу. The house owners have the rights to select independently the method of management of the real estate property in order to provide maintenance of multi-apartments building, and use of apartments and the common property in the residential building.
Үйдү башкарууну камсыз кылуу үчүн турак жайлардын жана турак жай эмес жайлардын менчик ээлери шериктиктин эсебине жалпы чогулушта аныкталган өлчөмдө ай сайын аванс акы төлөп турууга милдеттүү. To unsure the building management the house owners of residential and non residential premises shall transfer to the account of the partnership monthly advance payments in the amount, which is defined by the general meeting.
Үйдү жасалгалаган жана үйдө колдонулган кадыресе нерселер мыйзам боюнча мураска калтыруучу менен ал өлгөнгө чейин бир жылдан аз эмес чогуу жашаган мураскорлорго алардын кезегине жана мурастык үлүшүнө карабастан өтөт. Pieces of house furniture and household articles shall transfer to heirs at law who have lived together with the testator for no less than one year before his death, regardless of their priority and amount of the succession share.
токойлорду коргоо жана сактоо, токойду калыбына келтирүү, токой тигүү жана токой өстүрүү, мелиорациялоо жана башка токой чарба жумуштары боюнча иш - чараларды, ошондой эле алардын көлөмүн, ыкмаларын жана аларды жүргүзүүнүн тартибин аныктоону; activities aimed at guarding and protection of forests, reforestation, reproduction and regeneration of forests, melioration and other forest management activities, as well as identification of work amount, ways and procedures;
Мурас ачылганга чейин мурас калтыруучу менен чогуу жашаган мураскорлор мурасты бөлүштүрүүдө, мурастын курамынан турак үйдү, батирди же башка турак-жай имаратын, ошондой эле тиричилик буюмдарын жана үй оокаттарын алууга артыкчылыктуу укукка ээ болушат. Heirs who have lived together with the testator during three year before the commencement of the succession shall have preferential right over other heirs called to succession to inherit an apartment, residential house, other residential premise, as well
Жер тилкеси Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, атап айтканда: турак үйдү курууга жана тейлөөгө жана белгиленген ченемдер боюнча өзүмдүк көмөкчү чарба A land plot shall be allocated to the citizens of the Kyrgyz Republic into ownership by the authorized body gratuitously only once throughout the entire territory of the Kyrgyz Republic, in particular: for construction and maintenance of a residential hou
Токой фондусуна кирбеген бак - дарактарды тигүү, аларды багуу, пайдалануу жана коргоо, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аныктаган тартипте Installation of plantations outside the Forest Fund, their maintenance, use and guarding shall be carried out as prescribed by local self-government bodies or local state administrations, if other is not provided by the legislation of the Kyrgyz Republic.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: