Меню
Эл-Сөздүк

БЕКБОТО

БЕКБОТО Итике уулу — (1868, Тянь-Шань району, Бас-Кыя айылы — 1948, ошол эле жер) — семетейчи. Кара-моңолдор уруусунан. Анын айткан «Семетейи» жазылып алынбаган. Ал жөнүндө: «Бекбото эт бышымча «Семетей» айтты»; «Аттар алыс айдалып, күлүктөр кайра келгенче Бекботого «Семетей» айттырып отурдук»; «Биринчи жолку чоң шайлоодо (1936) Бекботого түнү менен «Семетей» айттырып олтурдук»; «Ата Мекендик согуш учурунда майданга аттанган жоокерлерди Казан-Куйганга топтогондо Б. ырчыны атайын алдырып ырдатып, «Семетей» айттырганыбыз» деген сөздөр эл арасында сакталып калган.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: