Меню
Эл-Сөздүк

Акциз салыгы

АКЦИЗ САЛЫГЫ – КР жалпы мамлекеттик салык болуп саналат. КР аймагында акциздик товарларды өндүрүүчү же акциздик товарларды импорттоочу, же КР аймагында кумар-оюн бизнесин ишке ашырып жатышкан баардык жеке жана юридикалык жактар А.с-нын төлөөчүлөрү болуп эсептелишет. А. с. алынуучу товарлардын тизмесине: а) ичүүчү этил спирти жана тамак-аштык чийкизаттан өндүрүлгөн акталган этил спирти; б) арак; в) ликер-арак азыктары; г) ачытылган ичимдиктер, ширелер жана бальзамдар; д) шараптар; е) коньяктар; ж) шампан шараптары; з) пиволор; и) шарапазыктары; к) тамеки буюмдары; л) курамында тамеки бар башка буюмдар; м) алтындан, күмүштөн, платинадан жасалган зергер буюмдар; н) кытатталган жана кытатталбаган терилер (иттин, коёндун, койдун терилеринен башка); о) нака мех буюмдар, пальтолор, баш кийимдер, жакалар, шубалар ж. б.; п) таза териден жасалган кийим-кечелер; р) хрусталдан жасалган идиштер, жарык берүүчү буюмдар; с) ок чыгаруучу жана газ курал-жарактары; т) мунайзат продуктары; у) кофе жана какао; ф) килем жана килем буюмдары кирет.

Котормолордун мисалдары: Акциз салыгы

Кыргызча Орусча
Жер салыгы. Земельный налог.
Баага сатуу салыгы кошулганбы? Цена включает налог с продаж?
Жабыр тартуучунун албай калган эмгек акысынын (кирешесинин) курамына анын негизги иштеген жери, ошондой эле башка жердеги иши боюнча эмгектик жана жарандык-укуктук келишим боюнча анын эмгегине акы төлөөнүн киреше салыгы салынган бардык түрлөрү кошулат. Утраченного заработка (дохода) потерпевшего включаются все платежи за свою работу по трудовым или гражданско-правовых договоров, как в месте его полный и неполный рабочий день облагается подоходным налогом.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан пайдаланууга берилген жер тилкеси үчүн жер салыгы жана ижара акысы жерлерди жакшыртууга, кыртыштын азыктуулугун жогорулатууга, кыртыштык, геоботаникалык иликтөөлөрдү жана жерлердин байкоосун жүргүзүүгө жана алардын аймактар Земельный налог и арендная плата за использование земельного участка, предоставленного уполномоченным органом должно быть направлено на улучшение земли, поднимая плодородия почв, проведение почвенных, геоботанических обследований и мониторинга земель и ра

Котормолордун мисалдары: Акциз салыгы

Кыргызча Англисче
Жер салыгы. Land Tax.
Баага сатуу салыгы кошулганбы? Does the price include sales tax?
Жабыр тартуучунун албай калган эмгек акысынын (кирешесинин) курамына анын негизги иштеген жери, ошондой эле башка жердеги иши боюнча эмгектик жана жарандык-укуктук келишим боюнча анын эмгегине акы төлөөнүн киреше салыгы салынган бардык түрлөрү кошулат. The lost earnings (income) of the injured shall include all payments for his work on labor or civil law contracts, both in the place of his full-time and part-time job subject to income tax.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан пайдаланууга берилген жер тилкеси үчүн жер салыгы жана ижара акысы жерлерди жакшыртууга, кыртыштын азыктуулугун жогорулатууга, кыртыштык, геоботаникалык иликтөөлөрдү жана жерлердин байкоосун жүргүзүүгө жана алардын аймактар Land tax and rent payment for use of land plot allocated by the authorized body shall be directed at improvement of the land, raising of soil fertility, conduct of soil, geobotanical examinations and monitoring of lands, and placement of business entities

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: