Меню
Эл-Сөздүк

АЯДИЛ

АЯДИЛ — эпизоддук кейипкер, Манас Шоорук канды жеңгенде Акылай менен кошо тартууга келген отуз кыздын бири. Кыздар өз эрки, каалоосу менен өзүнө ылайык күйөө тандоодо кысылып, тартынып турушканда А.: «Астыңкы тандоо биз эмес, Акылайдын жолу деп», — адегенде Акылай тандасын деген сунушту айтат. Акылай Манасты тандайт, башка кыздар да бирден жигит жактырышат (Сагымбай Орозбаков, 2. 219). АЯЗ — эпизоддук кейипкер. Эпосто кытай балбаны Түктамандын атасы экендиги гана эскерилет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 238).


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: