-
АШАР
-
Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө: килем токууда, чий чырмоодо, өрмөк согууда, кереге көктөөдө, там салууда чеберлердин — адамдардын биргелешип, бир асыл буюмду жана үйдү бүтүрүү салты, бир иштин соңуна чыгуу аракети. Ал мүмкүнчүлүгүнө карата бардык убакта чакырылат да, бул биргелешип уздануунун-узануунун, жардам берүүнүн сонун үлгүлөрүнөн болот. Ашар иштин арымын аябай тездеткен. Мында устаттар — нускоочулар, байбичелер, куттуу карыялар үйрөнгүчтөргө жол, таалим-тарбия көрсөтүп турушат. Буга келгендерди үй ээси мал союп, жайыл дасторкон менен жакшынакай күтүнүп алат. Мисалы, килем токууга келген көпчүлүк аз күндүн ичинде эле (4,5 мХ2,4—3) «төр килемин» токуп коюшат.
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | ашар |
Көптүк сан | ашарлар |
Жөндөлүшү - "ашар"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | ашар |
Илик Кимдин? Эмненин? | ашардын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | ашарга |
Табыш Кимди? Эмнени? | ашарды |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | ашарда |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | ашардан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | ашарлар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | ашарлардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | ашарларга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | ашарларды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | ашарларда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | ашарлардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
АШАР