АРА-ТАЛАА — топоним, Орго кандын эли жердеген аймактардын бири (СО.2.72). АРА-ТОО — топоним. Эпос боюнча кыргыз уруулары Алтайдан Таласка көчөрдөн мурун жашап турган Тарбагатайга жакын жайгашкан тоо. Географиялык реалияда Моңгол-Алтайда Ар-Ула деген тоо.