Меню
Эл-Сөздүк

түй-

вязать (сеть, кружева); связывать в узел, узлом;
бүчүлүк түй- завязать завязки, шнурки (на рубахе старого покроя, на халате);
тор түй- вязать сеть;
белге түйгөн кантым бар, бек сүйлөшкөн антым бар фольк. у меня в поясной повязке (для тебя) сахар завязан, у нас с тобой есть твёрдая клятва;
куйрук түй-
1) завязать (коню) хвост;
2) перен. навострить лыжи, дать стрекача;
кишинин түйгөн түйүнүн көрбөсө, бирөө чечеби? разве может человек развязать узел, завязанный другим, если он не видел (как завязывали) ?
муштум түй- сжать кулак;
муштумдарын түйүп, тиштерин кычыратып сжав кулаки и скрежеща зубами;
кабак түй- хмурить брови, хмуриться;
көңүлгө түй- или акылга түй- или көкүрөккө түй- крепко запомнить; затаить в себе: зарубить на носу; намотать на ус;
эми сен биздин айткандарды көңүлүңө түйө бергин ты теперь запоминай то, что мы тебе говорим;
акылыңа түйүп ал крепко запомни;
жүрөгүңдүн башына түйүп кой крепко-накрепко запомни; крепко намотай себе на ус;
көңүлгө арамдык туй- затаить на сердце недоброе;
сыр түй- затаить тайные помыслы.

түй-

knot [нот];
(муштум) clench [клэнч];
(кабак, каш) knit [нит]

түй

этиш. 1. Жип-шуунун учун тоголок кылып байлоо, бекитүү, түйүн болгудай кылып байлоо. Чарык жиптин бир учун түйүп, бир учун саптап алып көйнөгүн жамай баштады (Мидин).
2. Түйүнчөк кылып ороп, байлоо. Үч-төрт сомун жоолукка түйдү (Сыдыкбеков).
3. Токуу, согуу. Алима жүндөн жоолук түйдү (Убукеев).
Кабак түйүү — капалануу; түнөрүңкү мүнөздө болуу. Каныбек кабагын түйө, терең улутуна дем алды (Жантөшев). Сыр түйүү — сырды ичине сактоо, жашыруу. Сыр алышып, сыр түйгөн сырдашың келип саламга (Токтогул). Көңүлгө түйүү, акылга түйүү же көкүрөккө түйүү — эсте сактоо, эстен чыгарбоо, унутпоо. Мөмө түйүү — мөмө алуу, мөмө байлоо. Быйыл аз гана мөмө түйгөн алма жыгачы бир аз жылда мөмө төккөн кенчке айланат (Сыдыкбеков). Муштумун түйүү — колдун манчаларын муштай тургансып жумуу. Муслимахун муштумун түйүп, тишин кычыратып, комдоно калды (Жантөшев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: