Меню
Эл-Сөздүк

кепил

ар.
1. ручательство, порука;
кепил ал- или кепилге ал- брать на поруки;
анын кепилин алам я за него ручаюсь;
ителги салба, кепил алба погов. не охоться с балабаном, не бери на поруки;
2. поручитель;
кепил бол- поручиться, стать поручителем;
дооң жок болсо, кепил бол погов. порука - вперёд наука (букв. если у тебя нет тяжбы, так поручись);
кепилдин кепини күйөт погов. поручителю добра не видать (букв. у ручателя саван сгорит);
3. прокладка между сшиваемыми полосами (кожи).

кепил

  • voucher
  • guarantor
  • underwriter
  • warranter
  • warrantor
  • Кепил

    КЕПИЛ – кепилдик берүүчү; кандайдыр бир нерсеге кепилдик берген мамлекет, мекеме же жак. Кепилдик берүү келишими боюнча, К. башка бирөөнүн өз милдеттенмелерин толук же жарым-жартылай аткарышы тууралуу карызкор менен бирдикте кредитордун алдында жоопкерчилигин алат. К-дин кепилдик милдеттенмеси менен камсыз болгон карызкор өз милдеттенмесин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, эгер кепилдик келишиминде К-дин субсидиардык жоопкерчилиги каралбаган болсо, К. менен карызкор кредитор алдында бирдей жоопкерчилик тартат.

    кепил

    кепил (убада)

    кепил

    кепил (тигиште)

    кепил

    I зат. Бирөөнүн милдетин алуучулук, танып же убадасын бузуп кетсе, ошол киши үчүн жооп берүүчү киши. Жаман кепил жанынан тартат (макал). Ителги салба, кепил алба (макал). Токтогул качпайт, биз кепилге алалы (Бөкөнбаев). Дооң жок болсо, кепил бол (макал).
    КЕПИЛ II зат. 1. Беттештирип тигиле турган тигиштин ортосуна коюлуучу тилке.
    2. Кошумча, улама, жалгама нерсе. Бетине кызыл боёк жаап, мурдунун үстүнө кепил койгон.. маскарапоз куудулданып сүйлөп жатты (Таштемиров).

    Примеры переводов: кепил

    Кыргызский Русский
    Кыргыз Республикасы менчиктин ар кандай түрлөрүнүн болушуна жана алардын бирдей негизде укуктук корголушуна кепил болот. Кыргызская Республика гарантирует разнообразие форм собственности и их равную правовую защиту.
    Эгерде бул лизинг берүүчү менен лизинг предметин сатуучунун ортосунда соода-сатык келишиминде каралган болсо, сатуучу тарабынан лизинг предметин кепилдик жана кепил мөөнөтү бүткөндөн кийин тейлөө жүргүзүлүшү мүмкүн. Техническое обслуживание предмета лизинга во время и после гарантийного срока может быть предоставлена ​​поставщиком, если это предусмотрено в договоре купли-продажи между лизингодателем и поставщиком предмета лизинга.

    Примеры переводов: кепил

    Кыргызский Английский
    Кыргыз Республикасы менчиктин ар кандай түрлөрүнүн болушуна жана алардын бирдей негизде укуктук корголушуна кепил болот. The Kyrgyz Republic guarantees diversity of forms of property and their equal legal protection.
    Эгерде бул лизинг берүүчү менен лизинг предметин сатуучунун ортосунда соода-сатык келишиминде каралган болсо, сатуучу тарабынан лизинг предметин кепилдик жана кепил мөөнөтү бүткөндөн кийин тейлөө жүргүзүлүшү мүмкүн. Maintenance of a leased asset during and after the warranty period can be provided by the supplier if stipulated in the purchase contract between a lessor and supplier of a leased asset.

    Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
    strtoupper(KG)
    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: