абалак |
абалак мурун с приплюснутым носом; абалак саптуу с рукояткой из рога коровы или горного барана. |
АБАЛАК |
Абалактын көлөмү ар кандай болот. Ал эми кулжанын мүйүзү өтө эле катуу келгендиктен абалак жасоо кыйын. Ошондой эле абалактын бир жагы жазы, экинчи тарабы кууш келип калат. Буга беш карыштан жогору болгон текенин мүйүзүн тандоо керек. Картаң текелердин мүйүзү тогуз карышка дейре жетет. Абалак үчүн мына ошолор табылгыс жердик болот. Мында мүйүздүн жарымы туюк келип, жарымынын ичинде өзөгү же көңдөйүрөөк көрүнөт. Так ошондой алты карыш мүйүздүн үч карышы, сегиз карыштын төрт карышы калың келет. Абалактын үч түрү бар: Топ бузаар (ураттаар) абалак — бул чоң абалак. Шадылуу адамдардын колдоруна токтомдуу келет да, узуну бир нукумдан бир элидей ашыгыраак болуп (шадылуу колдуу адамдардын өлчөмү менен) туурасы төрт жарым элиге чейин жетет. Бул абалак томпойдон эки эсе оор көрүнөт да, калыңдыгы бир жарым элидей болот. Орто абалак-чүкөнү чертет. Жемек — кадоочу, тооручак — тооручу абалак. Мунун узуну нукум, туурасы төрт элидей келип, калыңдыгы элиден азыраак ашат. Текенин мүйүзү араа аркылуу кесилет да, керки менен тегизделип, бодур жерлери кайрак таштарга сүртүлө, өгөөлөнүп жылманалат. Абалактын жерге тийүүчү тарабы саал кайкыраак келет. Ансыз анын кырлары жерге тийип, абалак жакшы жүрбөй калат. Абалак үстү көбүнчө тегиз келип, бир аз кайкыраак болушу да ыктымал. Абалак кичине болсо чеберлер үшкүлөп, ага коргошундан кыт куюшат. Өтө оор абалак чүкөнү сындырат. Топ бузуучу, топ атуучу адамдарды «ордо оюнунда» «ураткан» деп да аташат. Мыкты абалактар «козулук абалак», «койлук абалак», «улактык абалак» деп айтылат. |
абалак |
|
абалак |
|
Хотите добавить свой перевод для слово: "АБАЛАК"?
Ввойти
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
АБАЛАК