![]() |
Карызды тейлөө |
|

Примеры переводов:(бета) Карызды тейлөө
Кыргызский | Русский |
---|---|
Төлөө мөөнөтү өтүп кеткен карызды кошо алганда, алгачкы карызды жаңы карыздык инструменттерге конверсиялоо. Башкача айтканда, жаңы карыздык милдеттенмелер аркылуу мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды же карызды тейлөө боюнча келечектеги милдеттенмелерди “төлөө” ишке ашырылат. | Конверсия первоначального долга, включая просроченную задолженность, в новые долговые инструменты. Иными словами, при помощи нового долгового обязательства производится «оплата» просроченных платежей или будущих обязательств по обслуживанию долга.. |
Кредиттин/насыянын (займдын) жеңилдетилген шарттарда берилгендигинин көрсөткүчү, ал кредиттин/насыянын (займдын) номиналдык наркы менен карызды тейлөө боюнча карызгерден кармалып калуучу болочоктогу дисконттолгон төлөмдөрдүн суммасы ортосундагы айырманын, насыянын (займдын) номиналдык наркына карата катышы катары эсептелинет. | Показатель льготности кредита/займа, рассчитываемый как отношение разности между номинальной стоимостью кредита/займа и суммой дисконтированных будущих платежей по обслуживанию долга, причитающихся с заемщика, к номинальной стоимости займа.. |
Карызды кайра өзгөртүп түзүү, кредитор сыяктуу эле, карыз алуучунун катышуусу менен түзүлгөн, эки тараптуу келишимдин натыйжасы болуп саналат, карызды тейлөө шарттары ага ылайык өзгөртүлүп түзүлөт. Карызды кайра өзгөртүп түзүү кайра тариздөөнү, кайра каржылоону, карызды кечүүнү, конверсиялоону жана карызды мөөнөтүнөн мурда төлөөнү камтыйт. | Реорганизация долга является результатом двусторонних соглашений, заключаемых с участием как кредитора, так и заемщика в соответствии с которыми изменяются условия обслуживания долга. Реорганизация долга включает переоформление, рефинансирование, прощение, конверсию и досрочную выплату долга.. |
Бул, пайыздын белгиленген ченине ылайык, карызды тейлөө боюнча келечектеги бардык төлөмдөрдүн дисконттолгон суммасы. Эгерде пайыздык чен милдеттенме боюнча келишимдик ченге барабар болсо, анда келтирилген нарк номиналдык наркка барабар болот, ал эми пайыздык чен рыноктук чен болуп саналса, келтирилген нарк карыздын рыноктук наркына барабар болот деген түшүнүк келип чыгат. | Приведенная стоимость — это дисконтированная сумма всех будущих платежей по обслуживанию долга по заданной ставке процента. Если ставка процента равна договорной ставке по обязательству, то из этого логически вытекает, что приведенная стоимость равна номинальной стоимости, а если ставка процента является рыночной ставкой, то тогда приведенная стоимость равна рыночной стоимости долга.. |
Жыл ичинде карызды тейлөөнүн (төлөөгө каралган пайыздарды жана негизги сумманы) салыштырмалуу көрсөткүчү, ал ошол жылдагы экспорттон (эрежедегидей эле товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдөн) же жыл ичиндеги бюджет кирешесине карата пайыздарда туюндурулат. Келечекте карызды тейлөө коэффициентин эсептөө үчүн экспорттук же бюджеттик түшүүлөргө алдын ала баа берүү зарыл. Бул коэффициент өлкөнүн карыз оорчулугунун маанилүү көрсөткүчү болуп эсептелинет. | Относительный показатель обслуживания долга (причитающиеся к выплате проценты и основная сумма) в течение года, выражаемый в процентах от экспорта (как правило, товаров и услуг) за этот год, либо к доходам бюджета за год. Для вычисления коэффициентов обслуживания долга на перспективу необходимы определенные прогнозные оценки экспортных или бюджетных поступлений. Этот коэффициент считается важнейшим показателем бремени задолженности страны. |
Карызды кайра тариздетүү дегенден улам, карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү расмий кийинкиге жылдырууну жана кийинкиге жылдырылган сумма боюнча жаңы, кыйла узартылган мөөнөттөрдүн белгиленишин түшүнүү зарыл. Карызды кайра тариздетүү карыз алуучунун карыз оорчулугун жеңилдетүү ыкмаларынын бири болуп саналат. Ал кийинкиге жылдыруу, ал эми жеңилдик шарттарында кайра тариздетүү учурунда, карызды тейлөө боюнча милдеттенмелерди кыскартуу аркылуу ишке ашырылат. | Под переоформлением долга понимается официальная отсрочка платежей по обслуживанию долга и применение новых и более длительных сроков погашения по отсроченной сумме. Переоформление долга является одним из способов облегчения бремени задолженности заемщика путем отсрочки и, в случае льготного переоформления, сокращения обязательств по обслуживанию долга.. |
Тышкы карыз боюнча төлөөлөргө карата карыз алуучунун өлкөсүнөн тышкары жайгашкан банктарда ачылган жана алар аркылуу анын экспорттук пайдасынын жарымы өтө турган эсептер колдонулат. Эрежедегидей эле, бир жылдык мөөнөттөгү мындай эсептердеги калдыктар карызды тейлөө боюнча келечекте келип чыгуучу төлөмдөрдүн ордун жабуу үчүн каралган. Ушундан улам, мындай эсептердин бенефициарынан болгон кредиторлор өз карыздары боюнча кошумча камсыздоолорду жана карызды тейлөөдө айкын артыкчылыкты алышат. | Применительно к выплатам по внешнему долгу – счета, которые обычно открываются в банках, находящихся за пределами страны заемщика, и через которые проходит часть экспортной выручки заемщика. Как правило, остатки на таких счетах сроком один год предназначены для покрытия будущих платежей по обслуживанию долга. Благодаря этому кредиторы, являющиеся бенефициарами таких счетов, получают дополнительное обеспечение по своим займам и фактический приоритет при обслуживании долга.. |
Карыздын төлөнбөгөн номиналдык наркы менен операция жүргүзүлгөн валюта үчүн колдонулган пайыздык чен боюнча дисконттолгон, карызды тейлөө боюнча келечектеги төлөмдөрдү салыштыруу максатында, кредит же насыя (займ) берилген учурга карата жүргүзүлгөн, карыздын номиналдык наркына пайыз түрүндө туюндурулган таза келтирилген наркты эсептөө. Карыздын жеңилдетилген деңгээли (же байланыштуу жардамдын) эки тараптуу негизде окшош эле эсептелет, бирок карыздын номиналдык наркынын ордуна насыянын (займдын) жалпы наркы, б.а. кредитор тарабынан берилген сыяктуу эле, берилбеген каражаттарды да эске алуу менен алынат, ал эми булардын айырмасы грант-элемент деп аталат (Грант-элементти жана Таза келтирилген наркты карагыла.) | Выраженный в виде процента от номинальной стоимости долга расчет чистой приведенной стоимости, производимый на момент предоставления кредита или займа, с целью сопоставления непогашенной номинальной стоимости долга и будущих платежей по обслуживанию долга, дисконтированных по процентной ставке, применимой для валюты операции. Уровень льготности долга на двусторонней основе (или связанной помощи) рассчитывается аналогичным образом, однако вместо номинальной стоимости долга берется нарицательная стоимость займа, то есть с учетом как предоставленных, так и не предоставленных кредитором средств, а разница называется грант-элементом. (См. также Грант-элемент и Чистая приведенная стоимость.). |
Өкмөттөр-кредиторлордун расмий эмес тобу. Бул топ 1956-жылдан бери карыздарды эки тараптуу негизде кайра тариздетүү үчүн Парижде туруктуу негизде жолугушуп турат. Мында Франциянын Казыналыгы катчылыктын милдетин аткарат. Кредиторлор карызды тейлөөдө кыйынчылыкка дуушар болуп жаткан өлкөлөргө сунушталган эл аралык колдоонун алкагында жана ЭВФ тарабынан колдоого алынган турукташтыруу программасына ылайык, карыз алуучу өлкөнүн карыздарын кайра тариздөө үчүн жолугушуп турушат. Париж клубу туруктуу мүчөлөргө ээ эмес жана анын кеңешмелерине аталган клубдун иш тажрыйбасына жана тартибине макул болгон бардык расмий кредиторлор катыша алышат. ОЭСРге мүчө мамлекеттер анын негизги кредиторлорунан болуп саналат, бирок карыз алуучу өлкө менен мамиле түзгөн башка кредиторлор да жолугушууларга катыша алышат. | Неофициальная группа правительств-кредиторов, которые начиная с 1956 года регулярно встречаются в Париже для переоформления долга на двусторонней основе; функции секретариата выполняет Казначейство Франции. Кредиторы встречаются со страной-заемщиком для переоформления ее долговых обязательств в рамках международной поддержки, предоставляемой странам, испытывающим затруднения с обслуживанием долга и осуществляющим поддерживаемую МВФ стабилизационную программу. Парижский клуб не имеет постоянных членов, и в его совещаниях могут участвовать все официальные кредиторы, которые согласны с его практикой и порядком работы. Основными кредиторами являются, главным образом, государства-члены ОЭСР, но во встречах принимают участие и другие кредиторы, имеющие отношение к соответствующей странезаемщику.. |
Найти все переводы слова "Карызды тейлөө" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "Карызды тейлөө"?
Ввойти