Menü
Эл-Сөздүк

“Ак кеме” Ч. Айтматовдун бул повести алгач орус тилинде “Нов

“Ак кеме” Ч. Айтматовдун бул повести алгач орус тилинде “Новый мир” (1970, № 1) журналында, кыргызчасы (1978) “Ала-Тоо” журналынын № 2 санында жарык көргөн. Чыгарманын “Ак кеме” деп аталып калышы жөнүндө жазуучу мындай дейт: “... Мен повестти “Новый мирге” алып барганымда Твардовский (журналдын ошол кездеги башкы редактору) “Жомоктон кийин” деген ат өтө эле жөн салды, кулакка комсоо угулат экен, андыктан башкачараак эле атабайлыбы деп, “Ак кеме” деген атты сунуш кылды” (“Точка присоединения”). Чыгарманын алгачкы аталышы айтып тургандай повесттин борбордук түйүнү Мүйүздүү Эне жөнүндөгү жомокко барып такалат. Кыргыз элиндеги бугу уруусунун генеалогиясы жөнүндөгү санжыра-легенданын негизинде жазуучу тарабынан жаралган “жаңы” жомок повестте образдар менен жуурулушуп, чыгарманын идеялык-эстетикалык касиетин ачуучу каражат катары колдонулат. “Ак кеменин” жарык көрүшү адабий чөйрөдө зор кызыгууну жаратты. Окурмандарды күйгүлтүккө түшүрүп, сынчыларды талаш-тартышка салган негизги маселе – бул баланын “адамдар” арасында жашагысы келбей “балык болуп сүзүп кетүүсү”. Д. Стариков (“Лит. газета”, 1970, 1-июль), А. Алимжанов (“Лит, газета”, 1970, 8-июль) өңдүү айрым рецензенттер повестти адамды көңүл чөгөт кылчу пессимисттик чыгарма катары таанышты. Баланы интернатка орноштуруу, Момунду пенсияга чыгаруу, Орозкулду камоо тууралуу авторго кеңеш берген окурмандар да болду. Акыры талкууга автор өзү да аралашып, өз концепциясын, адабияттагы трагизм маселесине жасаган принципиалдуу пикирин мындайча туюндурду: “Ак кемедеги” баланын өлүмү аркылуу мен түк да жамандык жакшылыкты сүрүп чыгарарын көрсөткөн жерим жок, менин көздөгөн максатым – ак иштин арыбас экендигин ачып берүү, ал үчүн кейипкер өз жанын кыйып болсо да күрөшө тургандыгын көрсөтүү. Албетте, аным канчалык деңгээлде жүзөгө ашты – окуучулар өздөрү аныкташаар. А бирок бир нерсеге акыйкат көзүм жетип турат: жеңиш эч качан сынчылар айткандай Орозкул тарапта эмес – кыңыр иш качан болсо кыңыр бойдон калат. Ырас, бала мерт болду, бирок анын адамдык абийири, ыймандык зоболосу бийик бойдон калды”. (“Необходимые уточнения”. “Лит. газета”. 1970. 29-июля). Чыгарманын негизинде аты уйкаш “Ак кеме” аттуу көркөм фильм (реж. Б. Шамшиев, 1975) тартылган. 1977-ж. “Ак кеме” повести жана ал боюнча тартылган фильм СССР Мамлекетик сыйлыка татыктуу болгон. Бул повесть сахналаштырылып, дүйнөнүн көптөгөн театрларында көрүүчүлөргө тартууланган.

Добавлен пользователем ☞маванкуЙ •橱 от:2013-04-09 21:54:08.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: “Ак кеме” Ч. Айтматовдун бул повести алгач орус тилинде “Нов

Kırgız Rusça
кеме ковчег
орус Русский.
Аларды алгач ар түрдүү кабыл алышкан. Их первоначальная прием был часто смешивают.
Өтүнмө кыргыз же орус тилинде берилет. Заявление должно быть подано в кыргызском или русском языке.
Өтүнмө кыргыз же орус тилдеринде берилет. Заявление должно быть подано в кыргызском или русском языке.
Мына сөз учугун алгач ушул суроодон баштайбыз. Так что с этим вопросом, что мы должны начать.
Балдардын көпчүлүгү үйүндө эне тилинде сүйлөшөт. Большинство детей говорить на родном языке у себя дома.
Өтүнмөнүн документтери кыргыз же орус тилинде берилет. Документы заявки представляются на кыргызском или русском языках.
АКШ элчилиги Интернет баракчасын кыргыз тилинде чыгарды Посольство США запускает кыргызскую версию своего сайта
Кыргыз Республикасында расмий тил болуп орус тили саналат. Официальным языком в Кыргызской Республике является русский язык.
АКШ элчилиги аудио китептердин кыргыз тилинде чыгышын колдойт Посольство США поддерживает выпуск аудио-книги на кыргызском
Мисалы, өкмөт алгач сүттүн баасын белгилегенден баштады дейли. Правительство начинает, скажем, путем фиксации цены на молоко.
Патент берүү жөнүндө өтүнмө кыргыз же орус тилдеринде берилет. Заявка на выдачу патента подается в кыргызском или русском языке.
Сабактарды иштеп чыгуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Уроки даны в кыргызском и русском языках.
АКШ элчилиги аудио китептердин кыргыз тилинде чыгышын колдойт. Посольство США поддерживает выпуск аудио-книги на кыргызском
Өтүнмөгө тиркелген документтер кыргыз же орус тилинде берилет. Документы, прилагаемые к заявке, представляются в кыргызском или русском языке.
Өтүнмөгө тиркелүүчү документтер кыргыз же орус тилинде берилет. Документы, прилагаемые к заявке, представляются в кыргызском или русском языке.
Патентин берүү жөнүндөгү арыз кыргыз же орус тилдеринде берилет. Заявка на выдачу патента подается в кыргызском или русском языке.
Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили пайдаланылат. В Кыргызской Республике, русский язык должен быть использован в качестве официального языка.
Силер кандайдыр бир салым кошушуңар үчүн, алгач, мен салым кошушум керек. Я привнести что-то для того, что вы должны способствовать что-то еще.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: