Menu
Эл-Сөздүк

Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектиси

ӨСҮМДҮКТӨР ДҮЙНӨСҮНҮН ОБЪЕКТИСИ (же табигый өсүмдүктөр байлыгы) – жер бети менен жер астында жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн баардык түрлөрү: тамырлар, уруктар, гүлдөр, чөптөр, дары-дармек жана техникалык өсүмдүк заттары, жапайы мөмөлөр, козукарындар, жемиштер, жаңгактар, мистелер, чычырканактар, сейрек жана жоголуп бараткан өсүмдүктөр, дарактар, дарак тобундагылар, бадалдар, мажүрүм талдар, камыштар, ошондой эле эңгилчектер, суу өсүмдүгү, балырлар ж. б. у. с. Ө. д. о. өзара төмөндөгүдөй бөлүнөт: а) арналышы боюнча – азык-түлүк, тоют, дары-дармек, техникалык; б) таралышы боюнча – жалпы таралган, таралышы чектелген, сейрек кездешүүчү, жоголуп бараткан өсүмдүктөр.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: