Menü
Эл-Сөздүк

үкү

үкү
үкүсү чыгуу
үкүнүн уясын табуу

үкү

зат. 1. Күндүз жакшы көрбөгөн, ууга көбүнчө күүгүмдө же түнкүсүн чыгуучу жырткыч канаттуу. Үкүлөр үстүртөн учуп, ооздорун шакылдатты (Жантөшев). Үкү менен жарганат, Үңкүрдү көздөй салпылдап («Семетей»).
2. Ушул канаттуунун кооздук үчүн колдонулуп, көбүнчө кыздардын баш кийимине же чабыла турган күлүк жылкынын көкүлүнө тагылуучу канаты же жүнү. Кайруусу кере карыш кундуз тебетейдин төбөсүнө сеңселтип бир тутам үкүнү тагып койгон (Убукеев). Кызыл-тазыл кийинип, Кыздар үкү сайынган («Курманбек»). Ушул атым буудан деп, Үкүнүн жүнүн тактырып (Тоголок Молдо).
Үкүнүн уясын табуу — жыргай турган, адамды марыта турган шартка дуушар болуу, иши оңолуу. Үкүсү чыгуу — кебези, жүнү же кездемеси салбырап, самсаалап калуу, тытылып, тамтыгы кетүү. Үстүндөгү кийими да тытылган, ар кайсы жеринен үкүсү чыгат (Сыдыкбеков).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: