ҮКҮК |
Үкөк көчмөндүү турмушка шартташкан. Аны өтө эле көлөмдүү эмес, орточо жасоо максатка ылайыкташкан. Жыгач чеберлери үкөктүн маңдай бетине элдик көркөм оюм-чийимдерин түшүрүшкөн. Жыгачка көркөм оюм түшүрүү үлгүсү мына ушул буюмдан баамдалат. Абалы, мунун бетине түшүрүүчү оюмду шибеге аркылуу акырын билинээр-билинбес негиздеп алат. Анан анын изин бычак менен үстүнөн дааналайт. Текенин мүйүзүнөн учтуу таякча жасап, ошону менен алиги чийимдин артынан дааналап салмак менен басканда көркөм оюм-чийим кашкаят. Түшкөн жыгач кооздугу чагарак имерилип, ич ара шайкеш жана төп келип, көбүн эсе негизги «мүйүз-оюмун» («кочкор мүйүз», «кош мүйүз», «теке мүйүз», «кулжа мүйүз») элестелет. Мында шырдактай «табак оюмдары» да орун алат. Үкөктүн жыгач оюму рельефтүү келет. Оюмду жаратуу үчүн мүйүздөй эле учтуу жумуру темирди да пайдаланышат. Үкөк — элдик жыгаччылык өнөрүндөгү көркөм нуска. Бул үйгө өзүнчө көрк берет. Анын ичине баалуу буюмдарды катууга болот. Ал адими буюмду күбөдөн жана чаңдан сактайт. Муну салттуу үлгү катары кайрадан өнүктүрүү жыгаччылардын асыл милдети болуп саналат. Мырза теректен буюм кармоо жеңил, ага көркөм оюм-чийимди түшүрүү өтө ийкемдүү келет. Үкөк оюмдары бул унутулуп баратылган көркөмдүктү кайрадан эске салат. Кадимки «Кыял оюмунун» элементтери «кулжа мүйүз», «мүйүз оюму» менен тирелишип, ич ара табак оюмду түзүп тутумдашып турат. |
Найти все переводы слова "ҮКҮК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ҮКҮК"?
Ввойти