Меню
Эл-Сөздүк

эстелик

зат. 1. Көрүнүктүү адамдарга курулган скульптуралык же архитектуралык имарат, сүрөт ж. б. В. И. Лениндин эстелиги. Элиң сага эстелигин тургузду, Өзүң сүйгөн кыргыз тоонун ташынан (Үмөталиев).
2. Өткөндөгү материалдык маданияттын, эски жазуулардын, чыгармалардын ж. б. сакталып келаткан үлгүлөрү, калдыктары. Архитектуралык эстеликтер. Орхон-Енисей эстеликтери.
3. Эстөө, эсте сактоо, унутпай ойго алып жүрүү үчүн сактала турган ар кандай нерселер, окуялар, эскерме. Тарыхтан тамчы чын элес, Бул китеп элге эстелик (Аалы). Эстелик үчүн сүрөткө түшүп коёлук («Ала-Тоо»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: