Меню
Эл-Сөздүк

эриш

зат. Өрмөктүн, ар кандай кездеменин узунунан кетип токулган жиби, негизи. Эшегине карай тушагы, эришине карай аркагы (макал). Асыл жибектин эришин чубап көрдү (Сыдыкбеков).
Эриш бузуу — тартипти, салтты, ынтымакты, бузуу, баш ийбөө. Эриш бузуп, эр өлтүргөнүм жок. Аш тарады, эл кетти, Эриш бузуш башталды (Тоголок Молдо). Эриш тартуу — катар тизилүү, кыркалай туруу. Чиркешип бир-бирине тизген тоодой, Курчалып керме тоону тарткан эриш (Бөкөнбаев). Эриш-аркак болуу — ынтымактуу болуу, бири-бирине жөлөк, таянч болуу. Эриш-аркак болуп оокат кылалы (Жантөшев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: