Menu
Эл-Сөздүк

ышкыр

этиш. 1. Ышкырык чыгаруу (оозу менен же ышкырыкты үйлөө аркылуу). Орусбек сыбызгыта ышкырып, колун алыска шилтеди (Сыдыкбеков). Тебетейин түрүп кийип, ышкырып, Тилебала койдун четин кайырган (Осмонкул).
2. өт. Ызылдаган, шуулдаган катуу добуш салуу (шамал, учкан ок, бороонго карата). Учкан ок ышкырып кулак тундуруп турат (Каралаев). Ышкырган бороон дале басылган жок (Сыдыкбеков).

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: