Меню
Эл-Сөздүк

чырма

этиш. 1. Каршы-терши ороп байлоо, таңуу, артылтып, айланта ороо. Чыгарып тасма кайыш канжыгамды, Чырмадым карыштыра оозун таңып (Осмонкул). Сабына сары жез чырмаган камчы (Аалы). Чымын канат чырмаган Чийиң калды, энеке (Тоголок Молдо).
2. өт. Курчоо, чулгоо, басуу (санаа, кыял, кырсык ж. б.). Жакыпты токсон толгонтуп санаага чырмаган мына ушул кат (Бейшеналиев). Санааркап, ичтен сызып Сапар жүрөт, Бир башын токсон тогуз кыял чырмап (Маликов).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: