Меню
Эл-Сөздүк

чымыра

этиш. 1. Дүүлүгүп жыбырагандай, чыбыр ала болгондой көрүнүү, жыбыр-жубур эткендей сезимде болуу (көбүнчө денеге карата). Чарчаган буттары чымырап, жаны жыргап баратат (Байтемиров). Аяз күүсүн чалат: бет чымырап, кулак тызылдайт (Каимов). Столду бек чапкандыктан тыз-тыз чымырай түшкөн алаканы бир аздан кийин ысый баштады (Сыдыкбеков).
2. Чыбырчыктоо; көөп жылый баштоо. Чаргындын бул кеби чымырап калган казандын отун ичкерештиргендей болду (Сыдыкбеков). Жаз келип, карлар эрип, жер чымырап, Көк чыгып, торгой сайрап, курт кыбырап (Турусбеков). Жазга жакын көктөмдө, Жер чымырап көпкөндө (Осмонкул).
Бети чымыроо—уялуу, тартынуу. [Бурманын] журттан бети чымырап, алдыртан шыпшынууда (Сыдыкбеков).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: