Меню
Эл-Сөздүк

ЧООР

«Эриккен жаным чоорду алып, Сызгырылта баштадым» (К. Баялинов) бул — элдик аспаптардын бири. Үйлөмө аспаптардын түрлөрүнө кирет.
      Чоор — элдик үндүү аспаптардын эң байыркысы. Ал негизинен өрүк, карагайдан жасалат. Мурун куурайдан да, шилбиден да чоор жасалган. Аларга койдун кызыл өңгөчүн каптап, чоордун эки башы ачык болгон. Чоорду жасоо жана аны тартуу — жеринен сейрек көрүнүш. Натыйжада, чоорчулар аз. Азыр анын аягы тыйылып баратат. Үч-төрт гана үн чыгып, айрым обондор чоорго келүүчү эмес. Чоор кийин жокко чыгып баратышы төгүндөлбөйт. Мына ушуларды эске алып, аны жакшыртуу үчүн нооталык түзүлүшүнө ылайыктап кайра өзгөртүп жасоого чеберлер узанышууда. Мында аспапка үн, көрк жана форма берүү көңүлдүн башында турат. Ооздон чыккан жел түтүк аркылуу чоордон үн берүүчү тешигин үйлөнүп, жеңил үн чыгарууга мүмкүндүк түзүлүүдө. Ошондо чоордун ичиндеги «жөнгө салгыч» оңго же солго буралып, чоордогу үн берүүчү тешикти издейт. Эгерде бул жөнгө салгыч толук өз милдетин аткара албаса, анда «жардамчы жөнгө салгычтын» буроосун бошотуп, оңго же солго айлантып, же узартып, же кыскартып, чоордун үнүн издеп табууга болот.. Бул «жардамчы жөнгө салгыч» жез түтүгүнөн жасалууда. Анын узундугу 14 см, дм 8 мм болот. Мындай элдик үндүү аспап оркестрге кошулууда.

чоор

зат. Түтүк формасындагы музыкалык инструмент. Алыстан угулган чоордун күүсүнө Бурма таң кала түштү (Аалы). Эриккен жаным чоорду алып сызгырылта баштадым (Баялинов).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санчоор
Көптүк санчоорлор
Синонимдери
сурнай
Байланыштуу сөздөр
чоордо
чоорчу
Жөндөлүшү - "чоор"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?чоор
Илик Кимдин? Эмненин?чоордун
Барыш Кимге? Эмнеге?чоорго
Табыш Кимди? Эмнени?чоорду
Жатыш Кимде? Эмнеде?чоордо
Чыгыш Кимде? Эмнеде?чоордон
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?чоорлор
Илик Кимдердин? Эмнелердин?чоорлордун
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?чоорлорго
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?чоорлорду
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?чоорлордо
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?чоорлордон

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: