Меню
Эл-Сөздүк

чеч

чеч (чел)
чеч басуу

чеч

чеч: (айры; кырмандагы
сый) (эск.)
чеч табак

чеч-

чеч-, чечсе, чеччи-, чечти

чеч

I зат. Көздүн карегин баскан кичине чел, ак. [Жумаалы] далдайган, чоң, кара чаар, бир көзү чеч, шуңкуйган кара сакал неме (Бейшеналиев).
Чечекейи чеч к. чечекей.
ЧЕЧ II зат. 1. Кырманда иштегенде колдонула турган бешилик айры.
2. эс. Кырманда тазалангандан кийинки үйүлүп коюлган дан жана ошого карата көбүнчө улак союп элге берилүүчү тамак. Зөөкүрдү шайтан кысканда, Келе жатып жолукту Чеч байлап кырман сузганга (Тоголок Молдо).
ЧЕЧ III этиш 1. Байланган, түйүлгөн нерсени бошотуу, ажыратуу, чыгаруу. Галстугун мойнунан алды чечип, Кызыл туудай көтөрдү желбиретип (Шүкүрбеков). Артем баштыгынын оозун чечип жатты (Жантөшев). Азандан үйдү чечкиле, Бирөөң да калбай көчкүлө (Үсөнбаев).
2. Кийилген кийимди үстүнөн кайра алуу, алып таштоо. [Жигит] тыш кийимин чечип жең илденди да, катарга отурду (Убукеев). Жыртык тонун чече коюп карыя, Орой салды арык, туурук баланы (Аалы).
3. Жообун табуу, жандырмагын баяндап айтуу. Керкибайдын баш катырган көп суроолорун энеси чечип бере баштады (Каимов).
4. Чечимге келүү, жыйынтык чыгаруу, жыйынтыгын белгилеп көрсөтүү; жүзөгө ашыруу. Партия чечкен чечимди Өтөөгө жаштар чечинди (Бөкөнбаев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: