-
чарк
-
I зат. Күч, кубат, ал, чама, маани-жай. Чарпышкандын баарына Чаркы жетер эр экен («Манас»), Качып жүрүп аралап, Өз чаркымды чамалап (Тоголок Молдо).
ЧАРК II зат. 1. Дөңгөлөк. Арабанын чаркы.
2. чарык I менен бирдей.
♦Чарк айлануу — өтө тез ылдамдык менен тегерене айлануу, чимирилүү. Бир жетим көпөлөк лампаны чарк айланып,.. дырылдап учуп жатты (Баялинов). Чарк уруу — 1) өтө тездик менен жөнөө, кыдыруу, зыпылдап тез жүрүү. Барып калды Мендирман, Дубанача чарк уруп! (Жантөшев); 2) толкундоо, алып учуу. Ачууга сырын турмуштун, Чарк уруп жүрөк термелет (Бөкөнбаев). Нарындын суусу ташкандай, Кубанып көңүл чарк урду (Бөкөнбаев). Чарк токтогон—токтолгон же төрт жаштык. Чарк токтогон ирик.
ЧАРК III туур. Чар-чар эткен сыяктуу кыска чыккан үндү же доошту билдирүү үчүн колдонулат.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
чарк