Меню
Эл-Сөздүк

чара

чара (идиш)

чара

чара (аракет; чараа эмес)

чара

I зат. 1. Тамак-аш салуу же куюу үчүн колдонулуучу ар кандай металлдардан жасалган, ооз жагы жайык келген тегерек чуңкур идиш. Казандагы эт булоолонуп чарага түшкөн учурда, бирөө туруп кол жуудура баштады (Убукеев).
2. Казанактын (мүрзөдө) ооз жагындагы чуңкур.
Көздүн чарасы — көз жайланышкан чуңкур. [Сансыздын] көздөрүнүн чарасы бөксөрүп, акыреги аркайган (Жантөшев).
ЧАРА II зат. 1. Кандайдыр бир нерсени иш жүзүнө ашыруу максатында жүргүзүлгөн аракет. Колхоздорду кызматкерлер менен чыңдоо боюнча чаралар көрүлдү («Коммунист»). Кырсыктан сактануунун биринчи чарасы койду ылаңдан сактоо (Жантөшев).
2. Жаза. Волковго бир чара колдонуу керек (Жантөшев). Эки жолу жыйналышка коюп чара колдонгон (Байтемиров).
3. Амал, айла, арга. Аман эсен калыш үчүн бир гана чара таптык (Жантөшев). Чыныгүлдүн ишенбеске чарасы барбы? (Жантөшев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: