Menu
Эл-Сөздүк

чала-була,

чала-чарпы, чала-чарпыт, чала-моңол же чала-бучук — толук эмес, анча-мынча, аягына чейин эмес, үстүртөн. Мен.. чала-була шам-шум этип, мектепке чуркадым («Ала-Тоо»). Түшүндүрөйүн деген оюмду чала-чарпы айттым (Жантөшев). Эргеш гана чала-моңол кат тааныйт (Жантөшев). Чала жан — араң эле жаны бар, өтө алсыз, чала өлүк. Алымкулду аябай сабап, чала жан болгон кезде короосунан сүйрөтүп барып таштады (Абдукаримов). Чала кайымчалагайым менен бирдей.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: