Меню
Эл-Сөздүк

убакыт

зат. 1. Мезгил, учур, маал. Убакыт өтсө бекерге, Аны кайдан табабыз (Үмөталиев). Белгиленген убакыт да жетти (Тоголок Молдо). Убакыт болсоэрте бешим (Жантөшев).
2. сүйл. Саат. Убакытың канча болду? Ар убакыт — ар дайым, ар качан. Элестеп көз алдыма ар убакыт, Тоо кызы, көзүң кысып күлүңдөйсүң (Шимеев). Жергиликтүү убакыт — белгилүү бир географиялык алкак, белгилүү бир пункт үчүн гана таандык астрономиялык мезгил.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: