ТӨӨНӨГҮЧ |
Зергерлер мүнөздүү узанууда мындай бир ыкма бар. Алгач төөнөгүчтү күмүш зымдан жөнөкөй эшип, чыйрак чыйратып, дөшүгө салып, балка аркылуу жалпактайт. Анын эки түрү бар. Төөнөгүчтүн ортосуна ар түрдүү асыл таштар, айнек, пластмасса сымал жалтырак заттар коюлат. Ошол таштардын аймагына (тегерегине) курчалуучу күмүш зымды белгилүү жукалыкка чейин келтирет. Мунун жукартуусу, биринчиден эки эсе жоон болушу керек. Демек, ага элдик көркөм күмүш оюмду түшүрүү үчүн күмүш зымдарды атайын отко жашытат. Анан кертип - кертип, аны бөлүп алып, тегерек ооз кыпчууру аркылуу формасына келтирет. Ошентип, төөнөгүчтүн бардык бөлүктөрү даяр болгондон кийин алардын ар бири кайрадан күмүш менен ширетилип, чөгөрүлгөн айнектин тегерегине сирке төгүлөт. Күмүштү күмүш менен ширетүүгө ак данакер колдонулат. Күмүштү эшүү ыкмасындай эле күмүштү кертүү ийүү аркылуу да төөнөгүчтү жасоого болот. Мындай аземдүү буюмдарды жасоодо зергерлер мельхиорду да пайдаланат. Анда чыйратылган зымды кайрадан эшип туруп, көз салгандай кылат. Ал өзүнчө формада жүрөкчө болуп ширетилет да, анан түрдүү асыл таш, айнек чөгөрүлөт. Анда жүрөкчөнүн үч жагына тең «сирке» төгүлөт. Төөнөгүчтү «бүчүлүк» деп да атайт. Буга узануунун негизги ыкмалары топчу, билерик, желбирөөч сыяктууларга окшошот да, тегерек темирдин четтерин күн карама кейиптентип кесип алып, ага күмүш жалатат. Анын ичинен өзүнчө из түшүрүүчү жээк чыгарып, мунун төөнөчү «олоң тили» чок ортосунда болот. Калган тараптары кадимкидей «себет төгүү» — «зооткер түшүрүү «аркылуу кооздолот. Ага түшкөн көркөм көчөттөр «кочкор мүйүз», «жарым бадам» жана кудум туш кийиз сайма көчөттөрүнө окшошот. Тептегерек көмкөрүлгөн күмүш топчу түспөлүндө төөнөгүч да жасалат. Мунун төөнөй турган «олоң тили» ичинен бекийт да, жалаң «чапкынын» ар кандай түрлөрүн алып, чапкылоо ыкмасы аркылуу түшүрүлүүчү издер «кыял оюму» окшотуп, төөнөгүч кооз көрүнөт. |
төөнөгүч |
төөнөгүчтү |
төөнөгүч |
|
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | төөнөгүч |
Множ. число | төөнөгүчтөр |
Склонение по падежам - "төөнөгүч"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | төөнөгүч |
Родительный Чей? | төөнөгүчтүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | төөнөгүчкө |
Винительный Кого?, Что? | төөнөгүчтү |
Местный Где?, У кого? | төөнөгүчтө |
Исходный Где?, У кого? | төөнөгүчтөн |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | төөнөгүчтөр |
Родительный Чьи? | төөнөгүчтөрдүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | төөнөгүчтөргө |
Винительный Кого?, Что? | төөнөгүчтөрдү |
Местный Где?, У кого? | төөнөгүчтөрдө |
Исходный Откуда?, От кого? | төөнөгүчтөрдөн |
Найти все переводы слова "төөнөгүч" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "төөнөгүч"?
Ввойти