Меню
Эл-Сөздүк

төш

төш
төш белги
төш жары (жарым кулач)
төш таянуу
төш чөнтөк
төшүн кагуу

төш

зат. 1. Дененин курсактан моюнга чейинки алды жак бөлүгү. Койдун төшү. Төш чөнтөк. Карчыга басып үкүнү, Оюп кирди төшүнөн (Тоголок Молдо). Экөө тең дудукча төштөрүн кагып обдулушат (Бейшеналиев).
2. Тоонун боору, тоо бетинин жогорураак жагы. Айылдын жогору жагындагы чалкалама төштө ыңкыган койлор («Жаш ленинчи»). Жолойдун көөнүн жай кылып, Калың кол менен Жолойду Төшкө таяп салды дейт («Манас»). Жапар төштөгү эгиндерди кыдырып көрүп, кайра жакага келе жаткан кези болучу (Баялинов).
Төш жары — кулачтын жарымы. Көкө узундугу төш жары [келген] эки келтек жасады (Касымбеков).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: