Меню
Эл-Сөздүк

төшөк

төшөк
төшөгүн булгоо
төшөк жаңыртуу
төшөк-орун
төшөк тартуу

төшөк

зат. 1. Төшөнчү салып ылайыкталган орун, жай. [Жылдызкан] ордунан акырын туруп, төшөк салууга камынды (Байтемиров). [Осип] төшөктө жатып күлүмсүрөп кубанды (Сасыкбаев). Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт (макал).
2. Жерге отурган адамдардын астына салууга ылайыкталып кабып жасалган эни тайкы, узунча төшөнчү, көрпө. Шайы төшөккө бутту сунуп жиберип, господин Бугимов жатты (Сасыкбаев). Шарип чуркап барып бурчтагы узун курак төшөктү жая салды (Бейшеналиев).
Төшөк тартуу — ооруп жатып калуу. Мен төшөк тартып жатканыма бүгүн беш күн болду (Жантөшев). Карылык жетип бир жактан, Төшөк тартып ооруптур («Мендирман»). Төшөк жаңыртуу — экинчи жолу үйлөнүү, жаңы аял алуу. Төшөк талашуу — кызды күйөөгө жөнөтөр алдында күйөө тараптан белек талап кылуу максатындагы оюн-зоок. Төшөк салар — кыз бергенде күйөө-кыздын төшөгүн салганы үчүн кыздын жеңесине берилүүчү сыйлык, белек. Жеңкетайды, эшик ачарды, төшөк саларды буларга чачкыла (Бейшеналиев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: