Меню
Эл-Сөздүк

төрө

төрө (улук)
төрө боор
төрө кыял
төрө пейил
төрө пейилдик
төрө сымак

төрө-

төрө-

төрө

Iзат. 1. Колунда бийлиги бар ак сөөк адам, кадырлуу мырза, башкалар анын сөзүнө баш ийген кадырман, баатыр. Төрө Манас баатырдын Балбандыгы эмей неткени («Манас»). Эр Табылды төрөбүз, Оозуңдаң чыккан сөзүңдү Нур жаагандай көрөбүз («Эр Табылды»).
2. тар. Чиновник, господин. Большевик туу көтөрдү ай ааламга, Падыша, төрөлөрү кетти качып (Тоголок Молдо). Атыңды токой төрө минип жүрүп, Жоор кылып акырында өлтүрүптүр (Үмөталиев). Төрөнү төрө дебесмин, Төбөмдөн басып урса да (Токтогул). Жетилбей селки жем болуп Бай, манап, төрө-кузгунга (Нуркамал).
3. өт. Эң мыктысы, кадырлуусу. Ургаачынын төрөсү, Тогуз уулдун энеси («Эр Төштүк»). Куш төрөсү буудайык (Барпы).
ТӨРӨ II этиш. Боюнан бошонуу, бала көрүү. Оморду да өзүндөй эле эне төрөгөн (Сыдыкбеков). Эр төрөгөн эне өлбөйт (макал). Жаш төрөгөн аял. Экини төрөгөн аял.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: