териштир этиш. Бирөөнүн же бир нерсенин ал-жайын, жөнүн салыштыруу, сурап көрүү. Директор Турардын жөн-жайын териштирип сурады (Каимов). Дагы териштирип суроого мүмкүнчүлүк болбоду (Жантөшев).