Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - тап
 

тап

 
тап, саясат, табы, таппы
тап күрөшү

тап

 
тап (илеп), табы
табы жок
тап өтүү

тап

 
тап (ат, куш жөн.), табы
табына келүү

тап

 
тап (мезгил, учуру), табы
табы келүү
тап этине келүү

тап

 
тап: тап бер-, тап кой-
тап жылдырбоо

тап

 
тап (туур.) тап-тап

тап

 
I зат. 1. Коомдук өндүрүштүн белгилүү бир тарыхый системасында өздөрүнүн ээлеген орду боюнча, өндүрүш каражаттарына карата өздөрүнүн (көбүнчө закондор менен бекитилген жана оформить этилген) мамилелери боюнча, эмгекти коомдук уюштуруудагы өздөрүнүн ролу боюнча, демек, коомдук байлыктын өздөрүндө болгон үлүшүн алуунун жолу жана анын көлөмү боюнча айырмалана турган адамдардын чоң топтору — тап деп аталат (Ленин, «Улуу демилге»). Жумушчу табы. Биз Лениндин сүйгөн табын сүйөбүз! (Аалы).
  1. 2.                  Оюулары бириники экинчисине кынаштырыла турган шырдактын эки бет кийизи.

ТАП II зат. 1. Ысыктын, жылуулуктун илеби. Очоктогу от өчүп, үстү бозоруп, уламдан улам табы кетип баратат (Байтемиров).
  1. 2.                   Саламаттык, ден соолук; дарман, күч-кубат. Табым жок, кыйналып жүрөм («Ала-Тоо») Табың кандай?

ТАП III зат. Жүгүрө турган, ала турган абалга жеткендик, ошого жарактуу абал (күлүк ат, алгыр куштарга карата). Күлүк табында, балам! (Сыдыкбеков). Тапка келбес бүркүттү Жалгыз чыгып салбагын (Токтогул).
ТАП IV такт. Чак, учур, кез, мезгил. Жүдөп калган табымда, Сапардан келген чагымда, Жүзүңдү көрдүм, арман жок («Манас»). Балтыр этиң толо элек, Балбан табың боло элек («Манас»).
ТАП V этиш. 1. Жок, жоголгон нерсени кезиктирүү, учуратуу. Батыш жүктүн астынан аңтарып жатып, мылтыгын таап берди (Байтемиров). Тапкан сүйүнөт, тааныган алат (макал).
  1. 2.                  Пайда кылуу, жаратуу; киреше киргизүү. Олжо тап. Бирди тапсаң, кийип өт, миңди тапсаң, ичип өт (макал). Айла тап. Акыл тап. Амал тап. Эбин тап.
  2. 3.                  Туш келүү, дуушар болуу, кабылуу. Бечаранын ажал таап, дүйнөдөн кайтышы биздин кабыргабызга баткан («Ала-Тоо»). Каза тапты.
  3. 4.                  Төрөө, дүйнөгө жаратуу. Уул тапты.
  4. 5.                  Табышмактын, жашырын сырдын ж. б. жообун, аныгын билүү, билип айтып берүү. Токто жүрөк толкубагын сабыр эт, Шыбырашкан жылдыздардын сырын тап (Турусбеков). Табышмактын жообун таба алышпай, балдар көпкө ойлонушту («Жаш ленинчи»).
  5. 6.                  Эсептөө, эсеп кылуу, ылайык көрүү. Ылайык таптык баарыбыз Бактылуу баатыр беренди («Курманбек»). Макул тапты. Туура тапты.

Тапкан экенсиң! — айткандары туура болбой калганда, жаңылышканда же жакпаган нерсени сүйлөп койгондо мыскылдоо, кагуу, жактырбоо же какшык иретинде айтылган сөз. Таап айтуу — акылга чегип, туурасын айтуу, билип айтуу.
ТАП VI тап берүү — бир нерсе менен чаап, уруп жиберчүдөй, качырып кирчүдөй ыкыс берүү, обдулуу. Тап жылдырбоо — бура бастырбоо, жылдырбай ордунда кармоо, колун бошотпоо. Мага эле тап — «мени эле көрө калат», «мага эле күчү жетет» деген мааниде.
ТАП VII: тап-тап — чапканда, чапкылап сабаганда, тапылдап түшкөндө (тамчы ж.б.) чыккан дабыш.

тап-

 
тап-, таап, табат
таап айт-
табар замат
таппасаң сыйпалап кал!
тап-тешик (этн.)
тап тешиктеп салуу
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числотап
Множ. числотаптар
Склонение по падежам - "тап"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?тап
Родительный Чей?таптын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?тапка
Винительный Кого?, Что?тапты
Местный Где?, У кого?тапта
Исходный Где?, У кого?таптан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?таптар
Родительный Чьи?таптардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?таптарга
Винительный Кого?, Что?таптарды
Местный Где?, У кого?таптарда
Исходный Откуда?, От кого?таптардан

Найти все переводы слова "тап" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "тап"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru