Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - тап
 

тап

 
тап I
1. куски материи или кошмы, предназначенные для сшивания (напр. для цветных апликаций, для шырдак'а, см.);
2. полит. класс;
жумушчулар табы рабочий класс;
эксплуатациялоочу таптар эксплуататорские классы;
тап жолу классовая линия;
тап жиктелиши классовое расслоение;
тап күрөшу классовая борьба.
тап II
ир.
время, момент;
ушул тапта в это время, в настоящий момент;
кызырлуу Алмам, кулак сал: кырылышаар тап келди фольк. удачливый мой Алма, внемли: наступил момент схватки;
ашык болуп Төштүккө, тосуп турган табы экен фольк. это был момент, когда она, полюбив Тоштюка, ждала (его).
тап III
ир.
1. жар, тепло;
оттун табына кызып турган кычкач щипцы, калящиеся на жару огня;
табы күчтүү болалбайт башка отундун сөксөөлдөй фольк. такого жара, как от саксаула, не может быть от других дров;
ысыктын табы бир аз кайтайын деп калган жар чуть начал спадать;
таш көмүрдүн табына бир жылынып алган деле канчалык ыракат! уже только разок погреться жаром каменного угля, и то какое удовольствие!;
ошентип журтум күйөбү, от жалындын табына? стих. так вот, разве должен сгореть мой народ в пламени огня?
ак этиңдин ысыгы арчалуу оттун табындай фольк. теплота твоего белого тела подобна жару арчёвых дров;
оттой табың жана элек, ойноп, ойнун кана элек стих. жар твоей страсти ещё не остыл, (любовными) забавами ты ещё не удовлетворена;
2. сила, здоровье;
кармап берер табым жок у меня нет сил, чтобы поймать;
табы жок ему нездоровится, он чувствует себя плохо;
табыңыз кандай? как вы себя чувствуете? как ваше самочувствие?
эмне болдуңуз? табыңыз жокпу? что с вами?вы нездоровы?
алтындай боюң аман-соо, айныбапсың табыңдан фольк. твой драгоценный стан вполне здоров, здоровье твоё не пошатнулось.
тап IV
тап бер- или тап кой- замахиваться, набрасываться;
урамын деп тап берет он замахивается, чтоб ударить;
ургандан тап берген жаман погов. замахивание хуже битья; замахнулся, так бей;
сен маа эле тапсың тебе только я и по силам; ты можешь только со мной справиться;
тап кетир- нанести ущерб;
аптарыятына тап кетирди, кадырын түшүрдү он его авторитету нанёс ущерб;
тап билгизбей или тап алдырбай незаметно, тайком.
тап V
тренировка, подготовка (коня к скачкам или ловчей птицы к охоте);
тулпар элем таптагы дуванга күндө чабылган фольк. (акын о себе) был я тренированным скакуном, который каждый день скакал на большие расстояния;
табына келген (о коне) тренированный, готовый к скачкам;
казатка минер табы экен фольк. (конь) готов, чтобы на нём двинуться в поход;
табына келген күлүктүн таноосунда тер болбойт фольк. у готового к скачкам скакуна на ноздрях пота не бывает;
кыл табында или тал эттүү (о коне) в меру тренированный (не худой и не жирный);
эти табынан төмөндөп кеткен (о скаковом коне) он похудел несколько больше, чем требуется;
аттын бир гана жеринде табы калыптыр в подготовке коня (к скачкам) есть только одна недоработка;
табы катуу буудайык стих. буудайык (см. буудайык II) трудно поддаётся тренировке;
беленге тап охотник до готовенького, дармоед;
ал бүгүн табына келип турат он сегодня в ударе (напр. об ораторе и т.п.).
тап VI:
тап-тап звукоподр. шлёп-шлёп (напр. ступнёй по земле или ладонью по чему-л.);
тап-тап гана таманынан чыккан дабыш (слышно) только шлёпанье его ступней;
өкүнгөнсүп, тап-тап санын чалкылайт будто раскаиваясь, он шлёп-шлёп себя (ладонями) по ляжкам.
тап VII
усиление к словам, начинающимся на та;
таптаза чисто-начисто, чистёхонько;
таптакыр ровнёхонько (без неровностей);
таптакыр башка совершенно другой; ничего общего;
таптакыр карама-каршы диаметрально противоположный;
таптатынакай кыз премиленькая девушка или девочка.
тап- VIII
(деепричастие таап)
1. находить;
баягы катты таптыңбы? ты давешнее письмо нашёл?
үйүн табалбай кайтып келдим я его дом (или его квартиру) не нашёл и пришёл обратно;
мен жоготкон бак-таалайды Эркин табар счастье, которое потерял я, найдёт Эркин;
амалын тапкан ажалдан кутулат погов. кто способ найдёт, тот от смерти спасётся;
жамандын тапканы - жапалак погов. то, что нашёл никудышный,- сова (т.е. из хищных птиц самая ненужная);
талаада бир ажыдаар уктап жаткан, ким басса, - өз жанына ажал тапкан загадка в степи спал дракон, кто на него наступал, смерть своей душе находил (отгадка капкан капкан);
сөздү сөз табат погов. слово слово находит (т.е. слово выявляется в разговоре);
2. открывать (неизвестное);
3. (точнее иштеп тап-) зарабатывать, приобретать, наживать;
бир айда канча табат? сколько он зарабатывает в месяц?
тапкан мал нажитой скот, нажитое имущество;
алтын-күмүш иштеген уста тапты балкадан стих. золотых и серебряных дел мастер зарабатывал молоточком;
бирди тапсаң, кийип өт, бирди тапсаң, ичип өт погов. заработаешь одно-оденься, заработаешь другое-съешь (т.е. живи честным трудом и по средствам);
тапкан-ташыганыбыз или тапкан ташынганыбыз весь наш заработок;
тапкан-ташынгандары всё, что он приобрёл;
4. родить (ребёнка);
тапкан эне, баккан атам родила (меня) мать, воспитал (или кормил) отец;
уул тапты она родила сына;
5. отгадывать (загадку);
тапкан экенсин! попал пальцем в небо!; как бы не так!; вон ведь что выдумал!;
тешик тап! найди дырку! (обнаружь и ликвидируй течь в котле; в случае течи, котёл наполняют водой, бросают в него толокно, и оно, увлекаемое водой, забивает течь);
таап айт-сказать умно, дельно.

тап

 
класс

тап

 
  • class
  • schoolroom
  • тап

     
    ateşin sıcağı.

    тап

     
    bul.

    тап

     
    тап, саясат, табы, таппы
    тап күрөшү

    тап

     
    тап (илеп), табы
    табы жок
    тап өтүү

    тап

     
    тап (ат, куш жөн.), табы
    табына келүү

    тап

     
    тап (мезгил, учуру), табы
    табы келүү
    тап этине келүү

    тап

     
    тап: тап бер-, тап кой-
    тап жылдырбоо

    тап

     
    тап (туур.) тап-тап

    тап

     
    I зат. 1. Коомдук өндүрүштүн белгилүү бир тарыхый системасында өздөрүнүн ээлеген орду боюнча, өндүрүш каражаттарына карата өздөрүнүн (көбүнчө закондор менен бекитилген жана оформить этилген) мамилелери боюнча, эмгекти коомдук уюштуруудагы өздөрүнүн ролу боюнча, демек, коомдук байлыктын өздөрүндө болгон үлүшүн алуунун жолу жана анын көлөмү боюнча айырмалана турган адамдардын чоң топтору — тап деп аталат (Ленин, «Улуу демилге»). Жумушчу табы. Биз Лениндин сүйгөн табын сүйөбүз! (Аалы).
    1. 2.                  Оюулары бириники экинчисине кынаштырыла турган шырдактын эки бет кийизи.

    ТАП II зат. 1. Ысыктын, жылуулуктун илеби. Очоктогу от өчүп, үстү бозоруп, уламдан улам табы кетип баратат (Байтемиров).
    1. 2.                   Саламаттык, ден соолук; дарман, күч-кубат. Табым жок, кыйналып жүрөм («Ала-Тоо») Табың кандай?

    ТАП III зат. Жүгүрө турган, ала турган абалга жеткендик, ошого жарактуу абал (күлүк ат, алгыр куштарга карата). Күлүк табында, балам! (Сыдыкбеков). Тапка келбес бүркүттү Жалгыз чыгып салбагын (Токтогул).
    ТАП IV такт. Чак, учур, кез, мезгил. Жүдөп калган табымда, Сапардан келген чагымда, Жүзүңдү көрдүм, арман жок («Манас»). Балтыр этиң толо элек, Балбан табың боло элек («Манас»).
    ТАП V этиш. 1. Жок, жоголгон нерсени кезиктирүү, учуратуу. Батыш жүктүн астынан аңтарып жатып, мылтыгын таап берди (Байтемиров). Тапкан сүйүнөт, тааныган алат (макал).
    1. 2.                  Пайда кылуу, жаратуу; киреше киргизүү. Олжо тап. Бирди тапсаң, кийип өт, миңди тапсаң, ичип өт (макал). Айла тап. Акыл тап. Амал тап. Эбин тап.
    2. 3.                  Туш келүү, дуушар болуу, кабылуу. Бечаранын ажал таап, дүйнөдөн кайтышы биздин кабыргабызга баткан («Ала-Тоо»). Каза тапты.
    3. 4.                  Төрөө, дүйнөгө жаратуу. Уул тапты.
    4. 5.                  Табышмактын, жашырын сырдын ж. б. жообун, аныгын билүү, билип айтып берүү. Токто жүрөк толкубагын сабыр эт, Шыбырашкан жылдыздардын сырын тап (Турусбеков). Табышмактын жообун таба алышпай, балдар көпкө ойлонушту («Жаш ленинчи»).
    5. 6.                  Эсептөө, эсеп кылуу, ылайык көрүү. Ылайык таптык баарыбыз Бактылуу баатыр беренди («Курманбек»). Макул тапты. Туура тапты.

    Тапкан экенсиң! — айткандары туура болбой калганда, жаңылышканда же жакпаган нерсени сүйлөп койгондо мыскылдоо, кагуу, жактырбоо же какшык иретинде айтылган сөз. Таап айтуу — акылга чегип, туурасын айтуу, билип айтуу.
    ТАП VI тап берүү — бир нерсе менен чаап, уруп жиберчүдөй, качырып кирчүдөй ыкыс берүү, обдулуу. Тап жылдырбоо — бура бастырбоо, жылдырбай ордунда кармоо, колун бошотпоо. Мага эле тап — «мени эле көрө калат», «мага эле күчү жетет» деген мааниде.
    ТАП VII: тап-тап — чапканда, чапкылап сабаганда, тапылдап түшкөндө (тамчы ж.б.) чыккан дабыш.

    тап-

     
    find [файнд]

    тап-

     
    тап-, таап, табат
    таап айт-
    табар замат
    таппасаң сыйпалап кал!
    тап-тешик (этн.)
    тап тешиктеп салуу
    Основные характеристики
    Часть речиИмя существительное
    Ед. числотап
    Множ. числотаптар
    Склонение по падежам - "тап"
    Ед. число
    ПадежиЕд. число
    Именительный Кто?, Что?тап
    Родительный Чей?таптын
    Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?тапка
    Винительный Кого?, Что?тапты
    Местный Где?, У кого?тапта
    Исходный Где?, У кого?таптан
    Множ. число
    ПадежиМнож. число
    Именительный Кто?, Что?таптар
    Родительный Чьи?таптардын
    Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?таптарга
    Винительный Кого?, Что?таптарды
    Местный Где?, У кого?таптарда
    Исходный Откуда?, От кого?таптардан


    Хотите добавить свой перевод для слово: "тап"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru