Menü
Эл-Сөздүк

тамыр

тамыр (анат.), (бот.)
тамыр жаюу
тамыр-сабак
тамырына балта чабуу
тамырын тартып көрүү

тамыр

тамыр (дос)
тамыр-тааныш

тамыр

зат.1. Өсүмдүктөрдүн жерге орунтукталып турушун, суу же башка азык заттарын өзүнө тартып, тамактанып туруусун камсыз кылуучу жер астындагы бөлүгү. Жаа, жаа жамгырым, жамгырым, Жумшарт эгин тамырын (Осмонов). Бактын тамыры.
  1. 2.                  анат. Кан жүрүү жолдору, кан тароочу түтүкчөлөр. Даниярдын маңдайындагы кан тамырлары жарылып кетчүдөй кабарган (Айтматов). Тамырчылар тамырымды кармап, табыптар тамак берет (Жантөшев).
  2. 3.                  Дос, достошкон адамдар (көбүнчө эркектерге карата). Кубанып тосту жолуңдан, Токо, курбу-курдаш тамырың (Калык). — Ой, ыракмат, Андрей тамыр! (Сасыкбаев).
  3. 4.                  Ойнош, ойноп-күлүү, ысыктык жагынан көңүл жакын болгондор.

Күрөө тамыр — ар жактан жүрөктү көздөй кан жиберип турчу чоң тамыр, вена. Чекесинен буу чыгып, күрөө тамыры кызарып, толкундап кетти (Сыдыкбеков). Тамырын тартуу — сырын тартуу, ички сырын билүүгө тырышуу, байкоо. Тамырын жаюу — өсүү, өркүндөө, жайылуу, таралуу. Тамырына балта чабуу — кендирин кесүү, жок кылуу, курутуу, жаштайында соолтуу. Тамыр кармоо — тамырчылык кылуу, сыркоо адамдын ысык суугун, илдетин билүү аракетин кылуу. Түп тамырынан бери — бүтүндөй, бардык жагынан. Жумушчу табынын кулк мүнөзү түп тамырынан бери өзгөрүлдү («Советтик Кыргызстан»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: