Iэтиш. Мүйүзү менен челип алуу; башы менен бир тийуү. Жанына уй жолосо эле сүзөт (Бейшеналиев). Көзү бозоргон там сүзөт (макал).
♦ Сүзөкачыруу — түздөн-түз, тикеден-тике качырып кирүү, кирип баруу, барып калуу. Көздү жумуп үйүңөргө сүзө качырып келип калдык, кечиресиз! — деди Акбар (Убукеев).
СҮЗIIэтиш. Сууда калкып жүрүү, чабак уруп жүрүү, сууда жүрүү, суудан кайык, кеме ж. б. менен же чабак уруп өтүү. Үстүндө сүзгөн өрдөк, каз Эркиндеп учкан турбайбы (Турусбеков). Кемелер сүзгөн көгүлтүр Днепр жээгин сүрөттөп, Мыскалды кызыктырышкан (Сыдыкбеков). Сууну сүзүп өтүп жатат Эр солдаттар кайраттуу (Шамшиев).
2. Коюусу менен суюгун бири-биринен чыпкалап же бир нерсе аркылуу өткөрүп ажыратуу. Какылдак жапма челегин ачып, бозо сүздү (Сыдыкбеков). Кесме сүз.
3. Абада, асманда калкып, сызып өтүү. Асманда сүзүп жүргөн ай сыяктуу, Деңизге мен түшөйүн, толкун, айда! (Шимеев).
♦ Көзүнсүзүү — көзүн жума тургансып сүзүлтүү, көшүлүп уйкуга кетип бараткандай көрүнүү. Айна көпкө чейин көзүн сүзүп ойлоно отурду (Убукеев).
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как сүз
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
36Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 4 х 9? Ответ:
Отправить