Menü
Эл-Сөздүк

сын атооч

Сын атооч - заттын өңүн, түсүн, сынын, сапатын, даамын, формасын жана башка көрсөтүп, кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берген сөздөр сын атооч деп аталат. Мисалы: кызыл, сары, жашыл, таттуу, ачуу, тоголок, жумшак жана башка. Сын атооч сүйлөм ичинде көбүнчө баяндоочтук, аныктоочтук, бышыктоочтук милдетти аткарат: Мисалы: Акылдуунун сөзү кыска (кыска — баяндооч). Жакшы адамдын белгиси эл камы үчүн жүгүрөт, жаман адам белгиси өз камы үчүн күйүнөт (жакшы, жаман - аныктооч). Бали, азаматтар, жакшы иштедиңер (жакшы -бышыктооч).


Добавлен пользователем Руслан Чодоев от:2016-04-13 13:50:28.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: