Menü
Эл-Сөздүк

СОКУ

«Такта соку, так билек, Такылдатпа жеңеке» (эл ыры). Бул — жыгач идиштеринин бири. Муну менен данды түктөйт, таруу, конок актайт, данекти, ышкын түптү жана башкаларды жанчат. Бул идишти чеберлер арчанын, талдын, кайыңдын жана ушул сымал катуу жыгачтардын дөңгөчүнөн жасашат. Оозу бир аз кенен, түбү бир аз куушураак, чуңкурая оюлуп, болжолдо бийиктиги 55— 70 см, дм 30—35 см болот да, ага 5—6 кг эгин батат. Сокунун сокбилеги (жанчууру, баласы) идиштин көлөмүнө карай болжолдо бийиктиги—1,5 м ылайыкталып, сокуну салмак менен күйшөөгө шартташат. Анын ортосунда көзөнөгү бар. Ал эптүү эки туткалуу жоон шыргый болот. Соку да табак, челек, аяк, чөйчөк идиштериндей муунакчаланып кештеленген. Анын күч менен күйшөөдө жыгылбагандай аягы (таманы) тегерек келип, орунтуктуу жасалат.

соку

соку
соку баш (акылсыз)
соку кант

соку

зат. Данды (арпа, таруу, конок ж. б.) ичине салып, сокбилек менен күйшөө, жанчуу же башка бир нерселерди майдалоо үчүн колдонулуучу жыгач же темирден жасалган ичи оюк үй буюму. [Берди] көмөрүлүп турган сокунун үстүнө барып отурду (Жантөшев).
Соку кант — чоң-чоң уютулган кант.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: