Меню
Эл-Сөздүк

сай

сай (өзөн), сайы
сай капталдуу арматура
сай сагызган (зоол.)
сай сөөгү зыркыроо
сай сөөгү какшоо
сай сөөгү сыздоо
сай сөөгүнө жетүү
сай сөөктөн өтүү
сай түшүрүү

сай

сай (кобул), сайы
сай чыгар-

сай

сай (мыкты)
сай кашка
сай күлүк
сай тулпар

сай

сай: сай-сөөк

сай

сай: аягы сай таппаган
сайда саны, кумда изи
жок
сайдын ташындай

сай-

сай-, саюу, саят

сай

I зат. 1. Суу жүргөн нук, алыш. Кар эрип, сайларда суу көбөйгөн кез (Үмөталиев).
2. Мылтыктын стволуна, бурамага ж. б. жылга-жылга оюк түрүндө түшүрүлгөн из. — Кана, мындай болгула!деди Ашыр, туткасына чейин буралган сайы бар бургуну алып [келип] (Сасыкбаев).
САЙ II сын. Көрүнүктүү, ашкан (күлүк жөнүндө). Сай күлүк. Сай тулпар. Сай буудан.
САЙ III; аягы сай таппоо к. аяк I.
САЙ IV этиш. 1. Учтуу, курч нерсени матыруу, киргизүү. Жигит күрөгүн көмүрдүн үстүнө ура сайды (Сасыкбаев). Жаш да болсо Мендирман, Найзаны жаза сайбаган («Мендирман»). Намыс үчүн жоо сайган Баатырдын көркү урушта (Токтогул).
2. Саймалап түр салуу, кооздоп тигүү. Сайма сай.
3. Көчөт отургузуу, тигүү. Сайган бак, сепкен эгин жана башка Көкөлөп эмгек менен өсүп өнмөк (Бөкөнбаев).
4. Байге, мелдеш үчүн бир нерсе коюу. Элемандын Төштүгү Сайган мөөрөй барысын Алат деген эмне? («Эр Төштүк»). Байгесинин башына Тогуз нарча төө сайды (Тоголок Молдо).
Башын (өмүрүн) саюу — бир нерсени аткаруудан эч тартынбоо, коркпой, жалтанбай белсенип киришүү. Өмүрүн сайып эл үчүн, Бактынын шамы Маскөөнү Баштарын сайып коргоду (Бөкөнбаев). Шишке саяр эти жок — өтө арык. Азуу саюу — жылкынын азуу тиштери чыгуу, жылкынын бешинчи жашка толушу.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: