Меню
Эл-Сөздүк

назик

сын. 1. Сүйкүмдүү, өтө сыпаа, сылык, наздуу көз карашты, мамилени, кылдат чыккан уккулуктуу, жагымдуу добушту ж.б. билдирген. Назик күү угулду (Жантөшев). Эшитким келет үнүңдөн, Булбулдай назик тилиңден (Барпы).
2. Кылдат, үлбүрөк, ичке, сезимге жумшак. Алиптей кашы чийилген, Ак жуумал назик жан экен (Бөкөнбаев). Назик бели байдамталдай буралган (Үмөталиев).
3. диал. Таруудай майда, ортосунда тешиги бар, кооз, түстүү мончок. Бапиктин ар бир жибине түрдүү түстөгү назиктен өткөрүптүр (Абдукаримов).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: