Меню
Эл-Сөздүк

күчүк

күчүк (иттин), күчүгү,
күчүккө

күчүк

күчүк (талдын), күчүгү

күчүк

I зат.. 1. Иттин жана карышкырдын баласы. Аскар күчүккө сөөмөйүн кезеди (Сыдыкбеков). Грузчиктер бир платформадан жаш күчүктөрдүн кыңшылаган үнүн угушту (Сасыкбаев).
2. өт. сүйл. Баланы эркелетүүдө колдонулуучу сөз. Экөөңөр тең менин күчүгүмсүңөр (Үсөнбаев). Мына бул күчүктүн күлүп турганын карачы (Абдукаримов).
Үй күчүк болуу — үйүнөн чыкпоо, үйүндө эле жүрүү. Мен үй күчүк болуп мында калышым кандай? («Ала-Тоо»). Көкүрөк күчүгү — эң кичүү, кенже баласы. Мына бул ортончум, мына бул көкүрөк күчүгүмкенжем («Советтик адабият»).
КҮЧҮК II зат. Дарактардын же өсүмдүктөрдүн бүр ачууга жакындаган мезгилиндеги майда-майда бүртүктөрү. Байчечекейлер күчүк атты (Сасыкбаев). Зейпи укалап жаткан талдын күчүгү эле (Абдукаримов).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санкүчүк
Көптүк санкүчүктөр
Байланыштуу сөздөр
күчүктө
ит
Жөндөлүшү - "күчүк"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?күчүк
Илик Кимдин? Эмненин?күчүктүн
Барыш Кимге? Эмнеге?күчүккө
Табыш Кимди? Эмнени?күчүктү
Жатыш Кимде? Эмнеде?күчүктө
Чыгыш Кимде? Эмнеде?күчүктөн
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?күчүктөр
Илик Кимдердин? Эмнелердин?күчүктөрдүн
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?күчүктөргө
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?күчүктөрдү
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?күчүктөрдө
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?күчүктөрдөн

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: