Меню
Эл-Сөздүк

күрөш

күрөш (зат а.)

күрөш-

күрөш- (кармаш-)

күрөш-

күрөш- (бирге күрөө)

күрөш

I зат. 1. Эки киши кармашып, бирин-бири жыгууга кылган аракет. Эркин күрөш. Классикалык күрөш.
2. Салгылаш, беттешкен кармаш. Уланы кетти кыргыздын Улуу майдан күрөшкө! (Осмонкул).
  1. 2.                 Кандайдыр бир максатты, ишти аткаруу үчүн болгон кызуу аракет, кыймыл. Басма сөз коммунизм үчүн күрөштүн алдынкы катарында болууга тийиш («Коммунист»).

КҮРӨШ II этиш. 1. Эки киши кармашып, бири-бирин жыгууга аракет кылуу. Эки жигит күрөшүп жатса, алардын ары жагынан экөө оодарышып жүрүшөт (Жантөшев). Балбандар оодарышат, күрөшөт, аркан сүйрөшөт (Сыдыкбеков).
  1. 2.                 Салгылашуу, душман менен кармашуу, беттешүү. Сен ушул биздин тоо үчүн, биздин көл, биздин жер үчүн күрөш (Сыдыкбеков). Жан аябай душмандар менен күрөшүп келебиз (Жантөшев).
  2. 3.                 Максатка жетүү үчүн аракет кылуу; бир ишти аткаруу үчүн болгон кыймылга катышуу. Күрөшүп таалай алышкан, Баатыр экен элиңер (Турусбеков).

КҮРӨШ III күрө этишинин кош мамилеси.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: