Меню
Эл-Сөздүк

күрмө

күрмө (зат а.)

күрмө-

күрмө-
күрмөп байла-

күрмө

I зат. Бешмант, кыска кемсел. Мамбеткул күрмөсүнүн чөнтөгүнөн чакчасын алып Мамбетке сунду (Каимов). [Сабырдын] үстүнө кийгени жүн салып кабыган жылуу күрмө-шым (Сыдыкбеков).
КҮРМӨ II этиш. Чечилип кетпегендей кылып, илмектүү кылып казыкка, малдын мүйүзүнө ж. б. байлоо. Акман.. чылбырын талдын.. бутагына күрмөп жаткан эле (Сыдыкбеков). Алдына салып айдатып, мойнунан күрмөп байлатып (Тоголок Молдо).
¨ Күрмөп жутуу — ооздогу нерсени майдалап чайнабастан, тил менен ала салдырып козгоп жутуп жиберүү. [Токтогул] кар сугунду да, тез-тез күрмөп жутуп жиберди (Аалы). Тили күрмөөгө келбөө — сүйлөй албай калуу, так сүйлөй албай булдуруктоо. Үсөн үшүгөнүнөн тили күрмөөгө келбей калыптыр.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: