-
күй
-
I: күй-жай же жай-күй — абал, ал-абал.
КҮЙ II этиш. 1. Жануу, тутануу. Отко жакын шиш күйөт, жеңеге жакын кыз күйөт (макал). Үйдө лампа күйүп турат (Баялинов).- 2. Ысыктан саргарып куурап кетүү. Койлубайдын айдаган таруусу күнгө күйүп кетмек болду («Жомоктор»).
- 3. өт. Бир нерсеге бекеринен ашыкча чыгым болуу, дайынсыз жок болуу. Пул күйүп кетти. Кара чарба дыйкандар Күйүп кетти чыгымга («САЖИ»).
- 4. Жалаага кабылуу, эч себепсиз каралануу, күнөөлөнүү. Алсыздар күйгөн агынан Ал кездеги заманда (Нуркамал). Айдалган булбул Токоңдой, Ак жеринен күйбөгүн (Токтогул).
- 5. Абдан кайгыруу, жаны ачуу, ыза болуу, күйүткө учуроо, күйүнүү. Жумушчу тап бир уулунан айрылды, Катуу күйүп, күңгүрөндү кайгырды (Турусбеков). Бул кордукту ойлосом, Оттой күйүп турамын (Токтогул).
- 6. өт. Ашык болуу, сүйүү. Сыртымдан күйүп, Сүйгөнбай, Сыздадым дейсиң мен үчүн (Тоголок Молдо). Төрөм Төштүк, мен сага Ашык болуп күйгөнмүн («Эр Төштүк»).
¨ Жаны күйүү же ичи күйүү — 1) ыза болуу, жаны ачуу, ичи ачышуу. Айгырдын жоголушуна ичи күйдү (Байтемиров). Бул жорукка кантип ич күйбөсүн (Абдукаримов). Дыйкандардын буга жаны күйөт (Борбугулов); 2) аёо, боор ооруу. Жатындаш тууган иним жок, Жан күйүп издеп барууга (Токтогул). Күйүп-бышуу же күйүп-жануу — 1) шашкалактоо, шашып-бушуп чебеленүү. Иш бүтмөйүнчө уктабай, күйүп-бышып кетмей мүнөзү бар («Ала-Тоо»). Көргөн жанды муңайтат, Күйүп-бышып муну айтат («Манас»); 2) абдан ызалануу, ичи күйүү, чычалоо. Мансур.. айтпаган сөздөрдү айтып аябай күйүп-бышты (Абдукаримов). Үшкүрүп шордууларды карап алып, Бук болуп уйгу-туйгу күйүп-жанып (Турусбеков).
КҮЙ III этиш. Күтүү. Айтып баргын кароолчум Он эки күнү күйөмүн («Курманбек»).
2. Аёо, каралашуу, жардамдашуу. Бизге күйө турган жалгыз сенсиң («Ала-Тоо»).
¨ Куш күйүү — алгыр куштарды кармоо үчүн тор жаюу. Суунун башын муздак чалган, Куш күйгөн чак, күз эле (Аалы).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
күй