![]() |
КЫРМАЧЫЛЫК |
Идиш-аякты жасоодогу кол дүкөнү — бир учу түркүккө такалып, экинчи учу кыруу жыгачка кагылган беш темир мыктан азуусу бар ок жыгач. Аны «кырма» (дүкөн) дейбиз. Кыруучу курал «ийги» — метрдей таяктын башына бекитилет. Кыруу учурунда таянычка ийгини басып турган жыгачты «туур» дейт. Кырманы (дүкөн) айлантып турган кош жыгачты «тепки» деп, эки бутун алмак-салмак эпилдетип тынбай баскан адамды «кырманын (дүкөндүн) тепкичи» дешет. Ал кырмачынын шекити болот. Кырма идиштерине түшкөн кооздук жалпысынан «кеште» деп аталат. Кырмачылыкта байтеше көп колдонулат. Кырылып бүткөн буюм илгери өз кырындысы менен жымсаланган. Мындай буюмдар кыргыз жергесинин ашкере чырайлуулугун, түгөнгүс түптүү байлыгын, ал эч бир жайда кайталангыс экендигин, мындай жыгачтардан уникалдуу нерсени көп жасоого ойдогудай жагдай түзүлгөнү даана баамдалат. Азыр жаңгак токойлорунда иштетилип, чет өлкөлөргө дейре жөнөтүлүп жаткан көркөм нускалар арбын. Элдик чеберлер өз дүкөндөрүндө электрлешкен техникалык прогрессти пайдаланууга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. |
![Дополнительные действия с выбранной словарной статьей](/dict/image/expand_hide.png)
![]() |
кырмачылык |
|
![Дополнительные действия с выбранной словарной статьей](/dict/image/expand_hide.png)
Найти все переводы слова "кырмачылык" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "кырмачылык"?
Ввойти