кемчилик зат.. 1. Жетишсиздик, жетпегендик, жокчулук. Калган-каткан кемчиликтерин дагы акылдаша жатарбыз (Жантөшев). 2. өт. Жаңылыштык, каталык. Кемчиликти бетке айткандын айбы жок (Осмонкул). Ыйлаак кемчилигин мойнуна алды (Байтемиров).