капсалаң зат. 1. Кардуу бороон, катуу бурганак. Капсалаң болбой жут болбойт (макал). 2. Чыр-чатак, жоболоң, дүрбөлөң. Элге келген капсалаң Басылганын тиледик (Аалы). Капсалаң баспай жеримди Калкыбыз дуулап күлсө экен (Токобаев).