-
КАБАК
-
КАБАК — топоним. Манас жердеген Таластагы Ак-Чийдин бир бурчу. Каныкей, Чыйырды, Семетейди Букарга качырмак болгон Бакай Кабак, Ак-Чий боюндагы Манастан калган жылкылардын ичинен Тайторуну кармап Каныкейлерге алып барат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 45). Географиялык реалияда К. — Ак-Чий азыркы Талас шаары турган чөлкөм.
Найдены по другим направлениям
-
кабак
-
I зат.Көздүн үстү, көздүн чарасынын үстү. Сергейдин чачтары кабагына түшүп, сеңселе берет (Сыдыкбеков). Кырдач мурун, жар кабак («Эр Табылды»).
¨ Кабагы ачык же кабагы жарык — көңүлү ачык, көңүлү көтөрүңкү, кубанычтуу, жайдары. Балакетиңди алайын, жылдызым, уктап жатса да, кабагы жарык (Сыдыкбеков). Кабагы бүркөө же кабагы салыңкы — капалуу, көңүлү ачык эмес кайгылуу, кейиштүү. Кабак түйүү к. түй. Кабак чытуу к. чыты. Кабак-кашым дебөө — кейибөө, кайгырбоо, кенебөө, убайым тартпоо, капаланбоо. [Даша].. оор жумушту кабагым-кашым дебей аткарат (Сасыкбаев). Канчалык кайгы басса да, Кабагым-кашым дебеген (Бөкөнбаев). Кабак-кашына кароо — мүнөзүнө, кыялына, көңүлүнө кароо. Сиздин кабак-кашыңызга карап эшигиңизде кызмат кылып жүрө албайм (Жантөшев). Жар кабак — кабагы бийик. Жалаяк ооз, жар кабак, Жалдуу Төштүк уулум бар («Эр Төштүк»). Кабагына кар жааган — ачуулуу, сурданган, түнөргөн.
КАБАК IIзат. Суунун, сайдын, ойдуң жердин жардуу жээги. Четин, арча, карагайдын куулары, Кабагында каршы-терши сулаган (Калык).
КАБАК III зат. Сабактары чубалып жерге жатып өсүүчү ири мөмөлүү огород өсүмдүгү жана ошол өсүмдүктүн сүйрү же тоголок келген чоң-чоң мөмөсү.
¨ Суу кабак — ичиндеги уруктарын алып таштагандан кийин идиш катарында колдонулуучу бакча өсүмдүгү.
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | кабак |
Көптүк сан | кабактар |
Синонимдери |
---|
каш |
Жөндөлүшү - "кабак"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | кабак |
Илик Кимдин? Эмненин? | кабактын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | кабакка |
Табыш Кимди? Эмнени? | кабакты |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | кабакта |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | кабактан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | кабактар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | кабактардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | кабактарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | кабактарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | кабактарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | кабактардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:
Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
кабак